Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

КОНДОЛИЗА РАЙС ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ САПАРЫН АЯКТАДЫ


АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондилиза Райс Телавивте жарыялагандай, Израилдин өкмөт башчысы Ариэль Шарон жана Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас Акүйдүн чакырууларын кабыл алышты. АКШ дипломатиясынын эң жогорку өкүлү катары Жакыңкы Чыгыштагы алгачкы сапары маалында Райс ошондой эле Вашингтон чөлкөмгө атайын координаторун жиберээрин билдирди.

Жакынкы Чыгыштагы сапарын аяктап жатып, Райс Тельавив аба майданында билдирүү жасады:

- Мен премьер-министр Шарон менен президент Аббаска президент Буштун жазгы жолугушуулар жөнүндөгү чакыруусу тууралуу кабарладым. Экөө тең аны кабыл алышты. Иорданиянын падышасы Абдулла дагы март айында АКШга сапар менен келет.

Мамлекеттик катчы чакыруунун чоо-жайы менен тааныштырган жок. Бирок маалымат агенттиктери америкалык ырасмий өкүлдөргө шилетеме берип жазганына караганда, Вашингтон эки жетекчиге өз өзүнчө чакыруу жасаган.

Рамалладагы сүйлөшүүдөн кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, Райс Вашингтон регионго атайын өкүлүн жиберүүгө даяр деп билдирген эле. Кийинчирээк мамкатчы генерал-лейтенант Уильям Вард Палестин автономиясына коопсуздук күчтөрүн машыктыруу жана жабдыктар менен камсыздоо иштерин координациялап турууга жардам берет деп жарыялады. Буга чейин генерал НАТОнун Босниядагы бейпилдик күчтөрүнүн камандачысы болуп келген.

- Координаторду дайындоонун идеясы – палестиндерге коопсуздук күчтөрүн реформалоого жардамдашуу. Ал мониторинг гана жүргүзөт, бирок тараптардын ордуна аракеттенбейт. Израилдиктер менен палестиндер коопсуздук маселелериндеги кызматташуусун уланта бериши керек. Бул абдан маанилүү, - деди мамкатчы.

Аббас менен биргелешип өткөргөн пресс-конференцияда Райс АКШ администрациясы палестин автономиясына келээрки 3 айдын ичинде социалдык максаттарга 40 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр деп жарыялады:

- Бул каражат “тез аракет программасы” үчүн бөлүнүп, палестин элинин жашоо турмушун жакшыртууга, маселен, жумуш орундарын түзүү, менчик секторду жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалмакчы.

Мамкатчы ошондой эле Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессине көбүрөөк аралашууга ниеттенип жатат деп ишендирди.

XS
SM
MD
LG