Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

РАМСФЕЛЬД: “ИРАК - ИРАН ЭМЕС”...


Кубат Оторбаев, Прага 30-январда Иракта өткөн шайлоонун добуштары дале саналып жатат. Улуттук жыйындын негизи курамы - аятолла Али ас-Систанинин колдоосуна ээ болгон Ирактын бириккен альянсынын өкүлдөрүнөн тураары күтүлүп жатат. Ошондон улам Ирактын жаңы Конституциясы исламдын жоболоруна негизделип жазылышы ыктымал деген божомолдор айтылууда. Кошмо Штаттары болсо Ирандагыдай болуп Иракты дагы бир ууч молдолор башкарышын каалабастыгын билдирди.

Шайлоонун жүрүшү көргөзгөндөй Улуттук жыйынга шийилердин өкүлдөрү көп келээри белгилүү болуп калды. Ошондон улам шийилердин аттуу-баштуу билермандары мамлекеттин келечегине байланыштуу ойлорун батыл айтып жатышат.

Ирактагы шийилеринин кадырлуу өкүлү, аятолла Мухаммед ал-Фаед жекшемби күнү быйыл жазыла турган жаңы Конституциянын негизин исламдын жоболору түзүүгө тийиш деп билдирди.

Ал эми шейх Ибрагим Ибрагими болсо андан ары кетип, Улуттук жыйын Конституция баштаган маанилүү мыйзамдарды кабыл алуу учурунда исламга каршы келген жоболорду токтоосуз четке кагып турушу керек деди.

Франс-пресс агенттиги дүйшөмбү күнү Али ас-Систаниге жакын адамдардын бирине шилтеме берип, аятолланын өзү мындай сунуштарды кош колдоп колдой тургандыгын жазып чыкты. Бул маалыматтын чын-бышыгы азыр такталып жатат.

Улуттук жыйындын келечегине байланыштуу мындай божомолдорго жекшембиде Кошмо Штаттарынын вице-президенти Дик Чейни комментарий берди. Анын пикиринде Улуттук жыйын демократиялык парламент болот деп болжоого толук негиздер бар:

– Алар Ирактын саясий системасын өздөрүнүн маданият, тарых жана ишенимдеринин негизинде түзүп жатышат. Албетте алар диндин да коомдогу ордун аныктоого аракет кылышууда. Бул – боло турган иш. Биз эми бир аз артка чегинүүгө тийишпиз. Анткени бийликке келчү өкмөт - дайындалган өкмөт эмес. Бул Иракта көп жылдан берки биринчи ирет демократиялык жол менен шайланып жаткан өкмөт. Эмки кадамды кандай ташташ Ирактын тургундарынын өз иши.

Улуттук жыйын Ирактын жаңы өкмөтүн түзөт жана туруктуу Конституцияны жазат. Айтымга караганда Вашингтон Улуттук жыйын жалаң шийилердин өкүлдөрүнөн куралып калышына камтама болуп турган сыңары.

Анткени Америка Иракта дагы Ирандагыга окшоп исламга негизделген өкмөт түзүлүп калбаса экен, өлкөнү бир ууч молдолор башкарып, саясатты ошолор жүргүзүп калбаса экен деп тынчсызданып атат.

Кошмо Штаттарынын коргоо министри Дональд Рамсфельд Ак үйдүн ою ордунан чыгарына үмүт кылып турганын жекшемби күнү билдирди:

– Ирактагы шийилер – ирандыктар эмес, Ирактын тургундары болуп саналат. Иракта дагы Ирандагыдай болуп бийликти диний лидерлер көзөмөлдөп калышы күмөндүү.

Азырынча шийилер исламдын кайсы жоболорун Конституцияга киргизүүнү көздөп жатканы белгисиз. Өткөн жылы кабыл алынган убактылуу Конституцияга болсо шийилер дагы, суннилер дагы “ислам - мыйзамдардын жападан жалгыз негизги булагы болсун”, деген жобону жазууга аракет кылышкан. Бирок кийин алар “ислам динин өлкөдөгү мыйзамдардын бир булагы катары карайлы” деген жумшартылган вариантка макул болушкан эле.

Кеңсеси Лондондо жайгашкан Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун экспертти Аммар ал-Шахбендер Иракта көп партиялуулук система киргизилип, ал саясаттын негизги багыттарын аныктаса мыйзамдарды кабыл алууда диний маанай үстөмөндүк кылбай калат эле деген ойдо.

Талдоочунун пикиринде шийилер өлкөнүн юридикалык системасынын мазмунун суннилердин эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгына жооп беришин каалап жатышы ыктымал:

– Ирактын азыркы мыйзамдарынын көпчүлүгү шийилердин кызыкчылыгында кабыл алынган. Шийилердин мыйзамдарга түшүнүк бериши суннилердикинен айырмаланып турат. Шийилер кылмышкердин колун кесип же жондон балак алуу сыяктуу жазаларды жоюп, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү каалашат, - деди эксперт Аммар ал-Шахбендер.

Азыр эми мунун баарын алгачкы божомол катары караса болчудай. Иштин чыныгы жагдайы качан добуштар саналып бүтүп, Улуттук жыйындын курамы аныкталгандан кийин алаканга салгандай анык болот. Ошондо гана Иракта кимдин ким экени билинет...

XS
SM
MD
LG