Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: ЖАҢЫ МАКУЛДАШУУ ҮМҮТ ЖАРАТТЫ


Египеттин Шарм-Эл-Шейх курортундагы саммиттин жыйынтыгында Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен Палестин лидери Махмуд Аббас ок атышууну токтотуу боюнча ымалага келишти. Бул чечим палестиндердин интифадасына жана Израиль армиясынын аскерий операцияларына чекит коюуну көздөйт. Ошол эле маалда аналитиктер Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин алдыда дагы далай кыйынчылыктар күтүп турат дешет.

Израилдин премьери Шарон менен палестин президенти Аббас өз-өзүнчө билдирүү жасап, ок атышууну токтотуу жөнүндө жар салышты.

“Жөөттөргө жана палестиндерге каршы багытталган зомбулукка чекит коюу жөнүндө макулдаштык”, - деди Аббас.

Региондо акыркы апталарда тынчтык өкүм сүрүүдө. “Бул - жаңы доордун башталышын туюндурат жана тынчтык орнойт деген үмүттү жаратат”, - деп улантты сөзүн палестин жетекчиси.

Аббас макулдашууну Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планынын же “жол картасынын” алгачкы баскычынын аткарылышы деп сыпаттады.

Шарон да Аббастын билдирүүсүнө үндөш жарыя жасап, палестиндерге каршы аскерий иш-чаралар токтотулат деп ишендирди. Премьердин айтымында, эки тарап тең “үмүттү жок кылууга жол бербеш керек” деп жарыялоого тийиш.

Палестин өкмөтүнүн мүчөсү Саеб Эрекат палестин жетекчилиги тынчтык үчүн бар аракетин жумшоого даяр деп билдирди:

- Мен бул саммит оң жышааналардын башталышы деп ишенем. Бул саммит мындан аркы бийик жолугушууларга жол ачты деп үмүттөнөм. Акыркы 3 жуманын ичинде биз израилдик коллегаларыбыз менен байма-бай, конструктивдүү жана терең талкууларды өткөрдүк. Жолугушууларда кээ бир маселелер боюнча макулдашууга жетишилди, айрымдары боюнча орток пикирге келалган жокпуз.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын дем алыш күндөрү Жакынкы Чыгышка болгон сапары дипломатиялык аракеттердин жанданышына кошумча түрткү бергенсиди. Шейшембиде Римде италиялык кесиптеши Жанфранко Фини менен жолугушуусунан кийин Райс мындай деди:

- Жакынкы Чыгыш тынчтык процессинин келечегин да талкууладык. Ушу тапта эларалык коомчулук көбүрөөк аралашышы керек. Экөөбүз тең бүгүнкү жолугушуу позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келет деп үмүттөнөбүз. Израилдиктер менен палестиндерди алдыда узак жол күтүүдө. Тараптар азыр түзүлгөн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү колдорунан чыгарбоого дилгир көрүнөт.

Розмари Холлис - Лондондогу эларалык маселелер институтунун Жакынкы Чыгыш программасынын жетекчиси:

- Бул – жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн учуру. Израилдиктер Газа тилкесинен чегинүү пландарын улантууну каалашат. Ал эми палестиндер терракттарга чекит коюп, жөөттөр менен жаңжалын тынчтык жолу менен чечип, өз мамлекетин түзүүнү көздөшөт. Америкалыктар болсо алардын ниети чың жүрөктөн экенин, жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөндө аны пайдаланууга даяр болгонун далилдеши керек.

Холлис айым өзү жакында эле чөлкөмгө барып, тараптардын көз караштары менен жакындан таанышып келди. Анын пикиринде, ок атышуу жөнүндөгү келишимге жетишилсе да, ал – тынчтык процессинин башталышын билдирбейт.

Хамас радикал тобунун маалымат өкүлү уюм жөөттөргө каршы кол салууларын токтуу чечимин кабыл алуунун алдында шейшемби күнкү саммиттин жыйынтыктарын жакшылап анализдеп чыгат деп билдирди.

Шарм-Эл-Шейхтеги жолугушууда Аббас оккупацияланып алган палестин аймактарында жөөт конуштарын кеңейтүү планын жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги дубалдын курулушун токтотуу талабын кайталады.

Президент ошондой эле Иерусалим шаарынын статусу жана качкындардын Израиль басып алган жерлерге кайтып баруусу жөнүндөгү маселелерди көтөрдү.

XS
SM
MD
LG