Жогорку Кеңешке шайлоого бюллетень басып чыгаруу боюнча тендер жарыяланып, ага катышкан төрт ишкананын ичинен «Учкун» мамлекеттик акционердик коому тендерди утуп алган.
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы аталган ишканада көчмө жыйын өткөрүп, шайлоого басылып чыгуучу бюллетендерди чыгарууга даярдыктар менен коомчулуктун өкүлдөрүн жеринде тааныштырат. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси Кубанычбек Исмаиловдун айтымында, бюллетендер өзгөчө шартта жана тартипте басылышы керек:
- Көчмө жыйында шайлоо бюллетенин басып чыгаруу иштери каралат. Шайлоо бюллетендери өзгөчө тартипте басылыш керек. Алсак, бюллетендер басылган цехте башка иштер жүргүзүлбөшү керек. Ал жерди Ички иштер министрлигинин, Коопсуздук кызматынын кызматкерлери кайтарууга алат. Андан сырткары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана аппараттын кызматкерлери күндүр-түндүр ошол жерде кезектешип күзөйт.
Парламенттик шайлоо үчүн 2 млн. 600 миңден ашуун бюлетень чыгарылышы күтүлүүдө. Бюллетендер беш күндүк мөөнөттө чыгарылып, ага болжол менен 5 млн.сом жумшалат.