Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

РАКЫЯ ЖУСУПОВА: “ЭЛ АНСЫЗ ДА БААРЫН ТҮШҮНӨТ"...


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Атажурт» кыймылынын тең төрайымы Роза Отунбаева жана «Эрайым» коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупова республиканын түштүгүндөгү райондорду кыдырышып, эл менен жолугушуп келишти. Ракыя Жусупованын айтымында, түштүктө карапайым эл Аскар Акаевдин бийликте калышын каалабайт экен.

-Ракыя айым, сиздер парламенттик шайлоо алдында республиканын айрым райондорун кыдырып келдиңиздер. Кайсыл райондордо болдуңуздар жана эмне максат менен бардыңыздар, адегенде ошол тууралуу сөз баштасаңыз.

- Биз түштүккө бардык. Жалалабад, Ош областарынын айрым райондорун кыдырдык. Биз ал жакка Роза Отунбаева жетектеген «Атажурт» кыймылынын атынан парламенттик шайлоого ат салышып жаткан талапкерлерди колдоо үчүн жана элдердин чакыруусу менен бардык. Ал жакка Отунбаева менен мен дагы кошо бардым. Мен Отунбаеваны шайлоого катыштыруу талабы менен Бишкекте жыйырма беш күндөн ашуун пикетте тургандардын арасындамын. Соңку мезгилдери «пикетчилер акча алып турушат» деген сыяктуу ушак айың кептер өкмөттүк басылмаларда жарыяланып кетти. Биз мына ошондой ушак айыңдарга түшүндүрмө берип, карапайым элге өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча маалымат берүү үчүн бардык.

-Карапайым элдин Бишкекте соңку саясий окуялар тууралуу тааныштыгы бар бекен? Элчилердин депутаттыкка талапкер катары катталбай калышына пикири кандай экен?

- Бул маселеге карата карапайым эл нааразылык билдиришти. Маселен, Ноокен, Базаркоргон райондорунун жашоочулары аткаруу бийлигинин мындай аракетин «адилетсиздик» катары баалашты. Алар аткаминерлер бийликти менчик бийликке айландырышып, өздөрүнө жакпаган атуулдарды шайлоого катыштырбай коюшун «барып турган теңсиздик» деп айтышты. Ошондой эле биз эл менен жолугушуп бийликтин азыркы саясатын ар тараптуу түшүндүрүп, алардын мыйзамсыз аракеттеринин бетин ачып келдик. Бирок эл ансыз деле баарын түшүнүшөт экен.

- Бир нече айдан бери түштүктө мамлекет башчы Аскар Акаевди бийликте калтыруу демилгеси менен жарандардын колун топтоо жараяны жүрүүдө. Ушундай аракеттерге карапайым эл өз пикирлерин айтыштыбы?

- Мындай аракеттер бийликтин камчысын чапкан айрым аксакалдар жана күнүмдүк тамакка алданган атуулдар жана бийликтен көз каранды адамдар тарабынан болуп жаткандыгын айтышты.Ошондой эле жолугушууга келишкен атуулдар азыркы бийлик элди чарчаткандыгын белгилешип, карапайым эл жогорудагыдай демилгени таптакыр колдобой тургандыктарын бир ооздон айтышты.

XS
SM
MD
LG