Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:38

ПАЛЕСТИН- ИЗРАИЛ КЕЛИШИМИН ТҮРКИЯ КОЛДОП ЖАТАТ


Аким Өзгөн, Стамбул Шарм-Эл-Шейхтеги Палестин-Израил келишими Түркия тарабынан да колдоого алынып жатат. Бул келишимди түркиялык чөйрөлөр кубануу менен кабыл алып, бирок бул келишимге айрым топтордун моюн сунбаганына тынчсыздануу билдиришти.

Ушул жуманын башында Египеттин Шарм-Ел-Шейх курорт шаарында, Израил менен Палестин ортосунда жетишилген ок атышууну токтотуу келишими, Түркиянын жетекчи чөйрөлөрү тарабынан ‘этиятканааттануу’ менен кабыл алынды.

Анкара өкмөтү Жакынкы Чыгышка тынчтык алып келүүнү көздөгөн ар кандай демилгени колдой турганын билдирди. Түркиянын Тышкы Иштер Министрлигинин билдирүүсүндө Шарм-Ел-Шейхте Ариел Шарон менен Махмуд Аббастын ортосунда түзүлгөн келишим аймакка туруктуу тынчтык орнотууга жасалган чоң кадам экени баяндалды.

“Түркия тараптардын Шарм Ел-Шейхте өзүлөрүнө алган милдеттенмелерин бекем кармоосун; жаралып калган жагымдуу кырдаалды сактап калып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1397- резолюциясында аныкталган жол-жоболордун жетекчилигинде тынчтыкка карай жыла берүүсүн чын жүрөктөн каалайт” деп көрсөтүлдү тышкы иштер министирликтин билдирүүсүндө.

Өткөн жакын арада, “аймакта тынчтык орнотуу үчүн өтө жагымдуу бир атмосфера” пайда болуп калганын белгилеп, тараптарды бул тарыхый мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууга чакырган Түркиянын Тышкы Иштер Министири Абдуллах Гүл ‘Шарм-Ел-Шейх’ келишими тууралуу чыгып сүйлөп, Түркия ташталган бул кадамды канааттануу менен кабыл алганын айтты.

Кечөкүнү, Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом жана Палестиндин тышкы иштер министири Небил Шаатх менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Абдуллах Гүл кесиптештеринен Шарм-Ел-Шейх саммитинин жыйынтыктары тууралуу маалымат алды.

Гүлдүн байандоосуна ылайык, Шаатх менен Шалом экөөсү бирдей, Түркиянын тынчтык жарайанына берип келген колдоосун мындан ары уланта берүүсүн өтүнүшкөн.

Түркия бул жарайанга үлүш кошкон башкы өлкөлөрдүн бири бойдон кала берерин ишендирген Абдуллах Гүл, “эң еле башкысы, ташталган бул оң кадамдын бутуна туруп андан ары басып кете алышында” деп эске сала кетүүсү аркылуу, аймакта тынчтык орнотуунун иши канчалык татаал, канчалык түйүндүү бир жумуш экенине көңүл бургусу келди.

Анын айткандарын тастыктагандай болуп, кечөөкүнү Газа тилкесинде жаш бир палестиндиктин атылып өлтүрүлүшү жана палестиндиктердин жооп иретинде, еврей конуштарына ракета окторун жаадыруусу аркылуу, абал кайрадан оорлошту.

Бейшемби күнү Израил жана Палестин өкүлдөрү ортосунда өткөрүлүшү пландалган бир сүйлөшүү алынып салынды. Анан сырткары, Хамас тобунун артынан, Хизболлах аталган уйум дагы, Махмуд Аббас менен Ариел Шарондун ортосунда кол койулган келишимди тааныбай турганын, ошондой эле, Израилге каршы соңуна чейин туруштук бере турганын жарыялады.

Ливандын борбор калаасы Бейрутта миңдеген адамдардын алдында чыгып сүйлөгөн Хизболланын лидери Насраллах, Шарм-Ел-Шейх келишими өз уюмун милдеттендире албай турганын айтты. Ушундайча өнүгүүлөрдүн тушунда, түркиялык жетекчи чөйрөлөр, Шарм-Ел-Шейх келишимин, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуунун жакшы жөрөлгөлүү алгачкы жышанасы катары баалаган ‘этият оптимизм’ сезимдерин сактап кала берүүдө.

Палестин ишинин Түркиядагы эң эле мыкты колдоочуларынын бири катары таанымал Түркийанын парламентинин төрагасы Булент Арынч мырза дагы ок атышууну токтотуу келишимин оң мүнөздүү кадам катары баалады.

Шарм-Ел-Шейхтеги жыйында, кагаз бетинде болсо да келишимге кол койулушу бизди кубандырат деген спикер бир катар топтордун бул келишимге моюн сунбаганына тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG