Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:45

НАТО ООГАНСТАНДАГЫ АСКЕРЛЕРИН КӨБӨЙТҮҮГӨ ДАЯР


НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери бейшемби күнкү жыйынында уюмдун Ооганстандагы бейпилдик миссиясын кеңейтүүнү макулдашты. Жыйында ошондой эле Ирак менен байланышкан маселе да каралды. АКШ НАТО боюнча өнөктөштөрүн Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу ишин тездетүүгө чакырды.

НАТО Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрү – ISAFка былтыртан бери командачылык кылат. Саны 8,5 миңдин тегерегиндеги жоокер учурда Ооганстандын башкалаасы Кабулда жана түндүгүндө гана жайгаштырылган.

Уюмдун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффердин Франциянын Ницце шаарындагы жыйындан соң жарыялаганына карганда, эми алар эл аралык коопсуздук күчтөрүн Ооганстандын батышына да жиберүүгө даяр. НАТО өлкөлөрү мындай макулдашууга Италия, Испания, Литва ISAFтын курамына жүздөгөн жоокерлерин жиберүүгө милдеттеме алган соң жетишип олтурат.

Коопсуздук күчтөрү келечекте Ооганстандын батышынан соң, түштүгүндө да жайгаштырылмакчы. Ооганстанда НАТОнун командачылыгы астындагы аскерлерден тышкары АКШ баштаган коалициялык күчтөр да бар.

Ал эми Иракка басып кирүү маселесинде АКШ менен анын европалык негизги өнөктөштөрүнүн ортосунда чыккан ажырымдан улам бул өлкөдө коопсуздук операциялары үчүн НАТОнун атынан аскер жайгаштырылган эмес. Өткөн жылдын июнь айында болсо НАТОнун жетекчилиги жылына Ирактын коопсуздук кызматынын 1000дей өкүлүн окутуп, машыктырып берүүнү макулдашкан эле. Бирок НАТО азырынча ошол машыктыруучу командасын толук курай элек. Убада кылынган 300дөй инструктордун Иракка азырынча 80дейи гана барган.

Вашингтон учурда НАТО боюнча өнөктөштөрүн ошол машыктыруу ишин тездетүүгө чакырууда. АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфелд Франциянын Ницце шаарындагы жыйынга келгенде бул маселеге байланыштуу мындай деди:

- Качан сиз Ирактагыдай сыяктуу ишке аралашканыңызда, жумуш тездик менен илгерилешин каалай баштайсыз. Биз Ирактын коопсуздук күчтөрүн окутуп, курал менен жабдып, аларга өлкөдө коопсуздукту өздөрү камсыз кылуусуна мүмкүндүк берүү тезинен зарыл экенин жогору жоопкерчилик менен сезип жатабыз.

Ирактын утурумдук өкмөтү өлкөдөгү чет элдик аскерлер ушул жылдын соңунан тарта кете баштайт деген үмүттө. Бул өз кезегинде НАТОнун коопсуздук күчтөрүн машыктыруу миссиясы менен тыгыз байланыштуу. Аналитиктердин көпчүлүгү болсо коопсуздук кырдаалы оңолуп, чет элдик 170 миңдей аскердин кетишине мүмкүндүк бергидей жагдай түзүлүшү үчүн кеминде 4-5 жыл талап кылынат деп эсептешет.

Ушул айдын 22синде Брюсселде НАТОго кирген өлкөлөрдүн өкмөт жана мамлекет башчыларынын саммити өтмөкчү. Уюмдун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер Ирактагы машыктыруу миссиясын каржылоо маселеси ага чейин эле чечилет деп үмүттөнөт:

- Менин максатым - мүмкүн болушунча тез бирок, албетте, эң кеч дегенде 22- февралга карата НАТОнун бардык 26 мүчөсү бул машыктыруу миссиясына салым кошушу.

НАТОнун кээ бир мүчөлөрү, маселен Испания, Греция, Бельгия, Люксембург Ниццедеги кеңешмеге чейин алар бул машыктыруу миссиясына катышпасын ошол эле кезде ага каршы чыкпай турганын айтышкан.

Мурдараак Франция да ал кайсыл жерде өтсө да аралашпасын билдирген эле. Бирок француз коргоо министринин Ниццедеги жыйын башталган кезде айтканына караганда, Париж Ирактын полициясын ага жакыныраак Катарда машыктырууга даяр. Ирактын утурумдук өкмөтү азырынча алардын мындай сунушуна жооп бере элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG