Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

ИРАКТАГЫ КҮРТТӨР АНКАРАНЫН ТЫНЧЫН АЛУУДА


Кошуна Ирактагы күрттөрдүн кеңири автономия же өз алдынча мамлекет куруу мүдөөлөрү Анкараны көптөн бери эле бейпайга салып келатат. Жакында өткөн шайлоого күрттөрдүн негизги партияларынын активдүү катышуусу түрктөрдү ого бетер тынчсыздандыра баштады.

Түркия 1980-90-жылдары күрттөр жайгашкан түштүк-чыгыш чөлкөмдөрүндө өз алдынча мамлекет курууну эңсеген козголоңчуларга каршы күрөшүп келген. Анкара өкмөтү кошуна Ирактагы күрттөр кеңири автономия же көз карандысыз мамлекет түзүүгө жетише алса, бул - жергиликтүү күрттөрдү козутат деп чочулайт. Түркия Сирия, Иран жана Ирак менен оңой эмес мамилелеринде күрт картасын көзүр катары пайдаланып жүрдү. Ошол эле мезгилде, Анкара Саддам Хусейндин күрттөргө каршы агерессивдүү саясатын сепаратист согушкерлердин активдүүлүгүн басаңдаткан фактор катары кабыл алчу.

АКШ баштаган согуш жана саясий баш аламандык бул тең салмактуулукту жоюп салды.

Анкарадагы Билкент университетинин эларалык мамилелер кафедрасынын окутуучусу Хасан Үнал согуштун башталышы менен түндүк Ирактагы кырдаал Түркияны тынчсыздантыра турган нукка бурулду деп эсептейт:

- Түркиянын көз карашында, америкалыктардын келиши менен абал начарлады. Соңку бир нече айдын ичинде болгон окуяларды Анкара өтө коопту ишара катары кабыл алды. Анын оюнда, Түндүк Ирактагы азыркы жагдай Күрт мамлекетинин түзүлүшүнө алып келиши ажеп эмес.

Өзгөчө тынчсызданууну күрт саясий партиялардын январдагы шайлоого жапырт катышуусу жаратты. Ал аз келгенсип, Күрдистандын патриоттук биримдигинин лидери Жалал Талабани “Ирактын президенти же премьери болушум керек” деген билдирүүсү менен Анкараны ого бетер бейпайга салды.

Экономикалык жактан кубаттуу автономиянын же эгемен мамлекеттин пайда болушу Түркиядагы Күрттөрдүн жумушчу партиясына (ПКК) кайрадан баш көтөрүп, жикчил (сепаратисттик) жаңжалды жандантууга өбөлгө түзөт, - деп кооптонот Анкара.

Хасан Үналдын ырастоосунда, Ирактын мунайга бай Киркук шаарынын тагдыры да түрктөрдү өзгөчө тынчсыздантат. Шаарда түрк элдеринин өкүлдөрү үстөмдүк кылат:

- Киркуктун айланасындагы окуялар Түркия үчүн абдан маанилүү. Калаа эч качан, илгери да, азыр деле, күрттөргө таандык болгон эмес. Күрттөрдүн Киркукту камтыган өз алдынча мамлекет куруу пландары Түркияны ого бетер камтама кылат. Экинчиден, америкалыктар кандайдыр бир деңгээлде, түндүк Иракта ПККчыларга баш калка берип келатышат. Алар ыңгайлуу учур болгондо, ПККчыларга каршы күрөшөбүз деп убада берип келатканы менен, сөзүнө турушкан жок. Акыркы бир нече айда болсо ПККга каршы күрөшүүгө ниети жоктугун көргөзүштү. Окуядардын мындай өнүгүшүнө Түркия макул эмес.

Эларалык кризис тобунун Жакыңкы Чыгыш долбоорунун жетекечиси Хоост Хилтерманн ПККнын жолдоочу партияларынын бириси да АКШ жетектеген коалиция үчүн кооп туудурбайт деп эсептейт.

Түркия Киркуктагы түрк элдеринин укугун коргоо үчүн керек болсо күрттөргө каршы күч колдонобуз деп коркутуп келатат. Эксперттер Анкаранын опузасы риторикалык (реалдуу эмес) деп ырасташат.

Бирок Билкент университетинин окутуучусу Хасан Үнал Түркиянын колунда аскерлерден тышкары башка ыкмалар да бар дейт. Маселен, Анкара Вашингтонду Ооганстандагы антиталиптик коалициядан чыгып кетебиз, же Ирактагы америкалык бөлүктөргө логистикалык жардам көргөзүүдөн баш тартабыз деп коркутушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG