Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:32

ООГАНСТАН: БЕЙПИЛДИК КҮЧТӨРҮН ТҮРКТӨР ЖЕТЕКТЕП КАЛДЫ


Бүгүн (жекшембиде) Түркиянын аскер башчылары Ооганстандагы НАТО жетектеген эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн кеңсесин башкаруу милдетин кайрадан өзүнө өткөрүп алды. Техникалык жактан алганда, НАТО күчтөрү мурдагыдай эле Бириккен Улуттар Уюмунун уруксаты менен аракет кылган эл аралык аскерлерди башкаруусун уланта берет. Деги, бул эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн алдыдагы милдети эмнеде?

Түрк генерал-лейтенанты Этхем Эрдагы (Ethem Erdagi) февралдын 13үндө Кабул шаарында жайгашкан Ооганстандагы эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн кеңсесинде бул күчтөрдү башкаруу милдетин түрк аскер жетекчилигине өткөрүп алды.

Бул салтанаттуу каада маалында генерал Эрдагы эл аралык аскерлердин максат-милдети тууралуу мындайча түшүндүрдү:

- Менин биринчи орундагы артыкчылык берчү милдетим – Эл аралык бейпилдик күчтөрү буга чейин аткарып келген милдетке окшош. Бул – Ооганстандагы коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле Ооган өкмөтү өлкөнү башкаруусу үчүн мүмкүнчүлүк бере тургандай эсенчиликтин жана коопсуздуктун шарттарын түзүү.

Түрк аскер жетекчилигинин башкаруусу маалында эл аралык бейпилдик күчтөрү алгачкы жолу Ооганстандын батыш аймактарына жайгаштырылмакчы. Соңку үч жылдан бери бул аймактарда бири-бири менен атаандаш жоочу топтор өз ара салгылашып келишти.

Испания, Италия жана Литва сыяктуу өлкөлөр Ооганстандагы бейпилдик күчтөрүнө кошумча жоокер жиберүүгө макулдугун жакында маалымдашкан.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши бул күчтөрдү бүткүл өлкө аймагы боюнча жайгаштырууга былтыр эле уруксат берген. Бирок буга чейин эл аралык бейпилдик күчтөрү Кабулдун айланасынан тышкары Түндүк Ооганстандагы өз ара жаатташкан топтордун козголоңун басуу үчүн гана аттандырылган.

Түрк колбашчыларына чейин Кабулдагы кеңсени башкарып келген европалык аскер кошуунунун жетекчилеринин бири, немис генералы Герхард Бак (Gerhard W. Back) бейпилдик күчтөрү былтыр октябрда Ооганстандагы президенттик шайлоону коопсуз шартта өткөрүү үчүн колкабыш кылганын, быйылкы жай мезгилинде да жергиликтүү бийликке парламенттик шайлоону өткөрүүнүн коопсуздугун камсыз кылууда көмөк көрсөтөөрүн айтат:

- Биз пландаган кошумча аскер күчтөрү алдыдагы парламенттик шайлоо кезеңинде буга чейинки президенттик шайлоо маалында кызмат кылгандардыкына окшош милдетти аткарат. Тек гана алар аба жолуна басым коюп, өздөрүнө карата муктаждыкка ылайык кошуундарын өлкөнүн улам башка жерине аткарып турууда кыйла ийкемдүү болмокчу.

Ал эми түрк генералы Эрдагы ооган вилайеттеринин жолдорун, көпүрөлөрүн, ошондой эле суу тегирмени жана электр кубатын иштеп чыгаруучу жайлар сыяктуу олуттуу курулуштарды жүзөгө ашыра турган курулуш топторун коргоо үчүн түрк жоокерлерин жибере турганын да кошумчалады.

Түркия буга чейин да (2002-2003-жылдары) Ооганстандагы эл аралык бейпилдик күчтөрүн жетектеген.

Ушул тапта Ооганстандагы бейпилдик күчтөрү 37 мамлекеттен куралган. Бишкектеги Манас аба майданында жайгашкан америкалык Ганси аскер базасы да Ооганстандагы бейпилдик күчтөрүн ооруктук колдоого алган жайлардын бири.

XS
SM
MD
LG