Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ ДА, ОППОЗИЦИЯСЫ ДА ОРУСИЯДАН КОЛДОО ИЗДЕП ЖАТАТ


Кубат Оторбаев, Прага Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Кошмо Штаттарынын чалгын жүргүзүүчү AWACS учактарын Ганси авиабазасында жайгаштырууга ырасмий Бишкек макулдук берген жок деп билдирди. Мындай сөздү Аскар Айтматов Москвага жасаган иш сапарынан кийин айтып отурат. Ошондон улам талдоочулар кыргыз бийлиги мындай чечимди парламенттик жана президенттик шайлоолор учурунда Кремлден колдоо алыш максатында орус бийлигине жагыныш үчүн кабыл алды деп баалашты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Москвага барып келгенден кийин ырасмий Бишкек коопсуздук маселеси боюнча эки маанилүү чечим кабыл алганы билинди. Биринчиси – Кант авиабазасына Орусия бере турган курал-жарактын, аскердик техниканын саны өсөөрү белгилүү болду. Экинчиси, кыргыз бийлиги Вашингтондун чалгын жүргүзүүчү AWACS учактарын Ганси авиабазасында жайгаштыруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок. Ырасмий Бишкектин мындай чечимин министр Айтматов дүйшөмбү күнү билдирди:

Ооганстандагы операцияларды колдоо максатында иштеп аткан Ганси авиабазасынын мандатына туура келбегендиктен, мындай учактар жайгашпаш керек деген чечимге келдик. Кыргызстандын мындай бүтүмүнө биздин Батыштагы өнөктөштөр жана достор түшүнөт болуш керек деген үмүттө турабыз.

Министрдин айтымында мындай чечимди кыргыз бийлиги Кошмо Штаттары, Жамааттык коопсуздук келишими уюму жана Шанхай кызматташтык уюму менен кеңешип-танашкандан кийин кабыл алды. Орусия жогоруда аты аталган ОДКБ жана ШОС уюмдарына мүчө. Ал эми Айтматов мырза болсо мындай билдирүүнү Москвага барып келгенден кийин жасап отурганы маанилүү.

Америка Кошмо Штаттары баштаган коалиция күчтөрү Ооганстандагы антитеррордук жана гуманитардык иш-чараларга колдоо көрсөтүү максатында 2001-жылдын аягында “Манас” аэропортуна Ганси авиабазасын ачкан. Ал эми 2003-жылдын октябрында болсо Кант аэропортунда Орусиянын аскердик базасы пайда болгон.

Өткөн аптанын жума күнү Орусиянын аскер аба күчтөрүнүн башчысы, генерал Владимир Михайлов ИТАР-ТАССка берген интервьюсунда баардык үлгүдөгү самолеттор отуруш үчүн Кант авиабазасынын конуп-учуучу тилкеси кеңейтилет деп билдирди. Маалыматка караганда Кантта азыр Орусиянын беш жүздөй аскери, 20 чакты бомбалоочу реактивдүү самолеттору бар.

Ошентип, кыргыз бийлигинин министр Аскар Айтматов билдирген мындай чечими эмнени каңкуулайт? Ырасмий Бишкек Вашингтонго караганда Москвага ылым санап калдыбы?

Москвада чыгуучу «Коммерсант дейли” гезити 12-февралдагы номурунда орус өкмөтү Кошмо Штаттарынын AWACS учактарын Гансиге жайгаштырууга каршы экенин ырасмий Бишкекке Аскар Айтматов аркылуу билдирди деп жазып чыкты. Басылманын ырастаганына караганда бул маселеден улам Москва менен Бишкектин ортосунда кадимкидей соодалашуу жүрдү. Айтымда Вашингтондун өтүнүчүн четке какканы үчүн эми Аскар Акаев октябрда өтө турган президенттик шайлоодо жана 27-февралдагы парламенттик шайлоодо Кремлдин колдоосуна ээ болмокчу.

Эларалык кризисттик топтун Борбор Азия боюнча долбоорунун директору Девид Льюис “Азаттыктын” кабарчысына берген интервьюсунда Аскар Акаев дайыма Москвага кылчактап, саясат жүргүзүп келгенин айтты:

– Өзүнүн президенттик мөөнөтү учурунда президент Акаев дайыма Орусиядан колдоо издеп келген. Кыргызстан менен Орусиянын мамилесине Америка баштаган күчтөрдүн авиабазасы көлөкө түшүргөн.

Президент Аскар Акаев буга чейинки сүйлөгөн сөздөрүндө Кыргызстанда кандай гана түстөгү болбосун ыңкылаптын ишке ашышына каршы экендигин бир нече ирет билдирди. “Ошондон улам, - дейт эксперт Дэвид Льюис, - Аскар Акаевдин Орусиядан колдоо издеп жатканы түшүктүү”.

Буга чейин кыргыз президенти Москва мамлекеттик университетинин 250-жылдыгына катышуу максатында деп, Орусияга барган. “Независимая газетанын” 25-январда жазганына караганда Аскар Акаев Владимир Путин менен жолуккан учурда азыр Кемин шайлоо округунан депутаттыкка атсалышып жаткан уулу Айдарды орус президентине тааныштырган.

Айрым талдоочулардын пикирине караганда Акаев ошол жолугушууда Владимир Путинди парламенттик шайлоо алдында Бишкекке чакырган. Владимир Путин Кыргызстанга июлда, ал эми орус өкмөт башчысы Михаил Фрадков март айында келмекчи.

Дагы бир эске сала кете турган маалымат, ырасмий Бишкек шайлоолордо ОБСЕнин байкоочуларына караганда КМШ мамлекетттеринин байкоочулары менен иштешүүгө артыкчылык берерин да жашырбай келатат.

Маселе эми - Москва Бишкек Ак үйүнүн мындай аракеттерине кандай жооп берет? Эксперт Дэвид Льюис Украинадагы шайлоодо Виктор Януковичти колдойм деп оозу күйүп калган Москва бул ирет этият болот болуш керек деген пикирде.

Айткандай эле, өткөн аптада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров министр Аскар Айтматов менен жолугушкандан кийин Орусия КМШ мамлекеттеринде боло турган шайлоолордо эч бир тарапты колдоого албай, калыс турат деп билдирди.

Украина, Абхазияда өткөн шайлоолордо өздөрү колдоого алган талапкерлер президенттикке өтпөй калгандай кийин Москва ал окуялардан ачуу сабак алса керек дешет талдоочулар. Кечээ жакында кыргыз оппозициясынын лидерлери - мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева жана мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев орус бийлигинин айрым аттуу-баштуу өкүлдөрү менен жолугуп кайтышты.

Сүрөттө: Кантта орус авиабазасынын ачылышы Борбор Азия аймагындагы геосаясатка бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. (Кант, 2003-жыл, 23-октябрь.)

XS
SM
MD
LG