Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

КИРКУК ШААРЫ ТАЛАШКА ТҮШТҮ


Ирактык күрттөр көп улуттуу Киркук шаарын камтыган түндүк провинциянын кеңешине болгон шайлоону жеңип чыгышты. Мунайга бай чөлкөмдө күрттөрдөн тышкары ирактык түркмөндөр, Саддам Хуссейн тарабынан көчүрүлгөн арабдар жана ассириялык христиандар жашайт. Бир катар байкоочулар күрттөрдүн жергиликтүү кеңеште үстөмдүк кылуусу атаандаш топтор ортосундагы араздашууну күчөтөт дешет.

Ишембиде жергиликтүү кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыктары дайын болоору менен Киркуктун күрт тургундары жеңишин майрамдай башташты. Күрт талапкерлери кеңештен 60 процентке жакын орун алууга жетишишти.

Ошол эле күнү Багдадда Ирактын борбордук шайлоо комиссиясы жалпы элдик шайлоонун жыйынтыктарын чыгарып, күрттөр улуттук ассамблеянын мандаттары үчүн күрөштө 2,17 миллион добуш алгандыгын жарыялады.

Ошентип, күрттөр көчөлөргө чыгып, утушун белгилеп жаткан кезде, Киркуктагы башка улуттардын өкүлдөрү иренжүүсүн жашыра алышкан жок.

“Ирактын түркмөндөрү майданы” аттуу партиянын төрагасы Фарух Абдулла жекшембиде «Ройтерстин» кабарчысына куруп берген маегинде “Биз мындай жыйынтыктарга макул эмеспиз. Киркук шаарында күрттөр бурмалоолорго жол бергенин шайлоо комиссиясына маалымдадык”, - деди.

Шайлоого чейин кеңештеги орундар жергиликтүү улуттар – күрт, түрк, суни арабдар жана ассириялык христиандар арасында теңме-тең бөлүнгөн болчу.

Бирок АКШнын Ирактагы администрациясы тарабынан киргизилген бул формула эч кимди канааттандырчу эмес деп ырастайт ирактык журналист Хива Осман:

- Киркуктагы ар бир улуттук топ алар көпчүлүктү, башкалары азчылыкты түзөт деп ойлойт. Бардыгына бирдей квотанын берилиши адилетсиз катары кабыл алынчу. Андыктан кеңеш символикалык гана мааниге ээ болуп келген.

Шайлоонун жыйынтыктарынан улам тутанган талаш-тартыштар күрттөр контролдогон органды башка партиялар кандай кабыл алышаар экен деген суроо пайда болууда.

Жаңы кеңешке алдыда көптөгөн маселелерди чечүүгө туура келет. Алардын бири, атап айтканда, жер которууга мажбур болгон күрттөрдүн мүлкүн кайтарып берүү, эң талаштуу катары бааланат.

Саддам Хуссейндин учурунда, күрттөр жайгашкан аймактарга суни арабдар көчүрүлгөн болчу. Үйлөрүнө кайта баштаган күрттөрдүн турак-жайларына эми суни арабдар ээлик кылып калышкан.
Арабдар өз кезегинде, башка жерге көчүүнү караманча каалашпайт.

АКШнын Ирактагы администрациясы доо-арыздарды чогултуу үчүн атайын комиссия түзгөн.

- Негизги проблема - мүлк маселеси. Америкалыктар талаштуу учурларды териштирүү үчүн комиссия уюштурууга аракеттеништи, бирок ал иш оңунан чыккан жок.

Күрттөр азыр шаардын чет жакаларындагы лагерлерде баш калкалап жүрүшөт. Байкоочулар ар кандай чыр-чатактарды алдын алуу үчүн мүлк маселеси тезирээк чечилүүгө тийиш деп эскертишет.

Дагы бир проблема – шаардын келечек тагдыры.

- Ар бир кошуна мамлекет, жада калса Ирактагы ар бир саясий уюм, майлуу токочтон чоң апчып жула качкысы келет, деп комментариялайт Осман.

Ирактык күрттөр шаарды өзүнүн тарыхый борбору деп аташат. Калаадагы түркмөндөр да Киркукту өз мекени катары кабыл алышат.

Анкара түркмөндөрдүн укуктарын коргоо үчүн күч колдонууга да даярбыз деп кайталап келатат. Түрктөр ошондой эле баш калаасы Киркукта жайгашкан күрт мамлекетинин түзүлүшүнө каршы.

XS
SM
MD
LG