Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Пристан-Прежьвальск шаарчасында кар көчкүдөн окуучу мерт болду


КАРАКОЛ. Бул тууралуу облустук граждандык коргонуу башкармалыгы маалымат таратты. Кар көчкүнүн кесепетинен бир өспүрүм мерт болуп, дагы бир окуучу оор абалда облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Кырсык болгон жерге облустук граждандык коргонуу башкармалыгынын оперативдүү тобу келип, көчкү түшкөн жердин бийиктиги 50 метр, көчкүнүн туурасы 20 метр, калыңдыгы 70 сантиметр, ал эми кардын жалпы көлөмү 70 куб. метр экендигин аныкташты. Аталган башкармалыктан алынган маалыматка караганда, февраль айынын ичинде эле Каракол-Эңилчек автожулунда үч жолу кар көчкү катталган.

XS
SM
MD
LG