Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

АКАЕВ, ГУМАНИТАРДЫК МЕЙКИНДИК ЖАНА ЫҢКЫЛАП


Ишемби күнү Бишкекте Шериктеш өлкөлөрдүн илим жана билим берүү чөйрөлөрүнүн мамлекеттер аралык кеңешмеси болду. Жыйында сүйлөгөн Аскар Акаев шериктеш өлкөлөрдүн билим-илим жаатындагы кызматташтык жараянына токтолду. Акаев “тукаба ыңкылабына” байланыштуу пикирин бу жолу дагы бир ирет кайталады.

Кыргызстандын демилгеси менен уюштурулган бул кеңешмеге Орусиядан президент Владимир Путиндин кеңешчиси Жахар Паллыева, Илимдер академиясынын президенти Юрий Осипов, Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий баштаган окумуштуулар, Евразия университеттер ассоциациясына мүчө айрым окуу жайлардын ректорлору катышты.

Кеңешмеде КМШ өлкөлөрүнүн илим, билим тармагындагы кызматташтыгынын жаңы багыттары талкууланды. Тармактарды интеграциялоо, «Болон жараяны», билим жана экономикага басым жасалган маселелер талкууланды.

Форумду ачкан президент Аскар Акаев КМШ алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө шарттар жетиштүү экенин белгилеп, орусиялыктардын КМШ алкагында гуманитардык мейкиндик түзүү демилгесин кубаттады.

Мамлекет башчысынын айтымында, көп улуттуу демократиялык мейкиндик түзгөн Кыргызстандын бул жагынан тажрыйбасы бар. Президент өз сөзүндө Кыргызстанда айрым маалымат каражаттары болжоп жаткан “тукаба ынкылабы” болбойт деди:

- Муну эңсегендердин үмүтү акталбай тургандыгын ишенимдүү айтып коеюн, биздин демократиялык пайдубал бекем. Кыргызстан элинин революциялык вирустарды жугузууга каршы иммунитети бар.

Орусия, Беларусь, Латвия, Азербайжан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү негизинен билим жана маданият тармагындагы кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкууга алышты. Ал эми кеңешме кабыл алган декларацияга жогорку технологиялык терроризмге биргелешип каршы туруу маселесин да киргизилди.

Орусия президентинин кеңешчиси Жахар Паллыеванын пикиринде, КМШ мамлекеттери бардык сыноолордо жалпы кызыкчылыктарды сактап калууга кудуреттүүлүгүн көрсөттү:

- Каржылык ресурстардын жетишсиздиги аз келгенсип, саясий тоскоолдуктар да болду. Ошого карабастан, биз бул мейкиндикти сактай алдык. Бири-бирибизге мамилебизди, ылым санообузду жоготкон жокпуз жана бул жагдайды жаңы жашоого чейин жеткирдик.

Кеңешме ушул эле күнү соңуна чыкты. Ал эми президент Акаев шериктеш өлкөлөрдүн илимий интеллигенциясына Ысыккөлдө форум өткөрүүнү сунуштады.

Айрым саясатчылар президент Акаевдин демилгеси менен уюштурулуп жаткан мындай жыйындарды парламенттик жана президенттик шайлоо алдында КМШ өлкөлөрү, ириде Орусия аркылуу өз таасирин арттыруу аракети катары баалап жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG