Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Пхеньян Вашингтон менен Токионун соңку билдирүүсүн мамлекеттин ыйык суверендүүлүгүнө тап берүү катары баалады. 19-февраль - ишембиде Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен Жапониянын тышкы иштер министри Нобутака Мачимура Түндүк Кореянын бийликтерин бул өлкөнүн өзөктүк куралдары боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү мындан ары улантууга чакырышкан болчу. Пхеньянды өзгөчө Жапониянын ээлеген жаңы позициясы катуу жаалдантты – Түндүк Корей бийликтери Токиону “Кошмо Штаттарына кошулуп алып, биздин өлкөгө каршы багытталган кастык саясатка кошумча болуп жатат” деп айыптады.
Декабрь айында Жапония өзүнүн аскердик-коргонуу багыттагы жаңы саясатын жарыялаган болчу жана анда мындан ары Токио коопсуздукту камсыз кылуу ишинде Кошмо Штаттары менен тыгыз кызматташа тургандыгы айтылган.
19-февралда болсо Жапониянын коргоо министри Йошиниро Оно коопсуздук жаатында Вашингтон менен Токио ийиндешип иштешүүгө тийиш деп билдирди. Ононун пикиринде “атомдук куралым бар” деп Түндүк Корея жарыя кылгандан кийин Кошмо Штаттары менен Жапониянын аскерий жааттагы өнөктөштүгү канчалык мааниге ээ экендиги дагы бир ирет бышыкталды:
– Түндүк Кореяга келе турган болсок - анын ядролук куралына, ракетасына байланыштуу проблемалар биздин аймактын туруксуздугуна таасирин тийгизип жаткан негизги маселе болуп эсептелет. Бул - ошондой эле - өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу иштерге ташталган чакырык болуп жатат. Азия-Тынч океан аймагында түзүлгөн ушундай кырдаалдын шартында Жапония менен Кошмо Штаттары коопсуздукту сактоо чараларынан улам тыгыз кызматташууга тийиш. Ошондой эле, Кошмо Штаттарынын күчтөрү Жапонияда кала бергени оң, - деди коргоо министри.
Вашингтондо 19-февралда өткөн эки тараптуу ал жолугушууга Йошиниро Онодон тышкары Жапониянын тышкы иштер министри Нобутака Мачимура, Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Кошмо Штаттарынын коргоо министри Дональд Рамсфельд катышкан.
Кондолиза Райс эгерде Түндүк Корея мындан ары да ушинтип кыр көрсөтүп, моюн толгой берсе Вашингтон башка бир катуу чараларды көрүүгө аргасыз болот деп эскертти. Талдоочулардын пикиринде андай чаралардын бири – Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине Түндүк Кореяга каршы санкция киргизүүнү сунуштоо болушу ыктымал.
– Менимче тынчсызданууга мурдагыга караганда азыр көбүрөөк себептер бар деп айтууга негиз жок. Түндүк Корея бул проблемага көңүл бурбай коюу менен өзүн-өзү жарга такоосун тереңдетип жатат. Анын мындай абалына эларалык коомчулук эбактан бери эле тынчсызданып келатат. Түндүк Корея муну түшүнүп, жалпы тынчсызданууну токтотуш үчүн көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү уланта турган убакыт келди, - деди Райс.
Ал эми анын жапониялык кесиптеши Нобутака Мачимура Пхеньянды ийге келтирүүдө Кытайдын ролу өтө чоң экендигине басым жасады:
– Тарыхка кайрылсак Кытай Түндүк Кореяга дайыма ар кандай жардам берип келген. Кытайдын Түндүк Корея менен мамилеси чың. Алар географиялык жактан да жакын жайгашкан. Ошол себептен Кытай ортомчу катары гана эмес, Түндүк Кореяга таасир көргөзүүчү катары да өз ролун ойнойт деген ишемдебиз.
Ишемби күнү – 19-февралда Түндүк Кореянын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү ырасмий Пхеньян эгерде Кошмо Штаттары Түндүк Кореянын ички ишине кийлигишүүнү токтотсо алты тараптуу сүйлөшүүнү улантышы мүмкүн деп айткан болчу. Бирок 20-февралда Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги аты аталбаган жогорку даражадагы чиновникке шилтеме берип, Пхеньян мындан ары алты тараптуу сүйлөшүүнү улантууну дагы, Кошмо Штаттары менен жекеме-жеке сүйлөшүүнү дагы каалабай тургандыгын билдирди.