Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:05

РЕФЕРЕНДУМ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ КҮЧӨП БАРАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Аскар Акаевди референдум аркылуу дагы бир мөөнөткө бийликте калтыруу үчүн бир нече айдан бери кол топтоо улантылып жатканы белгилүү. Ал эми мамлекет башчы Аскар Акаев 18-февралда журналисттер менен жолугушуу учурунда экс-элчилерди келечекте шайлоого катыштыруу үчүн өлкөнүн Башмыйзамын өзгөртүү зарылчылыгын кыйытты. Буга байланыштуу айрым бейөкмөт уюмдар 2005-жылдагы президенттик шайлоого чейин Башмыйзам дагы бир жолу өзгөртүлүш ыктымалдыгын айтып, тынчсыздануу билдиришүүдө.

Президент Аскар Акаев Кыргызстандагы өкмөттүк жана айрым чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен 18-февралда жолугушту. Бул жолугушууга «Азаттык» жана башка эркин маалымат каражаттарынын журналисттери чакырылган жок.

Мамлекет башчы өз сөзүндө экс-элчилердин шайлоого катышуусуна тыюу салган Шайлоо кодексиндеги жобону кемчилик катары баалап, келечекте элчилерди шайлоого катыштыруу үчүн өлкөнүн Башмыйзамын дагы бир жолу өзгөртүү зарылчылыгын коомчулукка кыйыта кетти.

Аскар Акаевдин айтымында, элчилерди шайлоого катыштырбоо тууралуу эреже акыркы жолу оппозициячыл саясатчылардын сунушу менен 2003-жылы референдум аркылуу кабыл алынган Башмыйзамдын 56-беренесине жазылып калган.

Көпчүлүк бейөкмөт уюм өкүлдөрү мамлекет башчынын мындай сөзүн аткаруу бийлигинин элчилерди шылтоо кылуу менен 2005-жылкы президенттик шайлоого чейин Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүү үчүн коомдук пикир даярдоо аракети катары баалашты:

- Аскар Акаевдин элчилер тууралуу сүйлөп жатып, Конституцияга референдум аркылуу өзгөртүү киргизүү керек деген сөзүн угуп алып тынчсыздануудабыз. Буга жол бербөө керек, - дейт «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмунун башчысы Эдил Байсалов.

«Асаба» партиясынын төрагасынын орун басары Дөөлөт Нусупов мамлекет башчысы бул сөзү менен көп нерседен кабар бергенин айтат:

- Кол чогултуу демилгеси Аскар Акаевдин өзүнүн тапшырмасы экендиги анын кечээги сөзүнөн эле билинип калды. Анткени ал өз сөзүндө элчилерди шайлоого катыштыруу үчүн Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын көтөрдү.

Байкоочулардын пикиринде, Аскар Акаев чындап эле келечекте элчилерди шайлоого катыштыруу менен Башмыйзамды дагы бир жолу өзгөртүшү толук ыктымал.

Референдум өткөрүү тууралуу конституциялык мыйзамдын 36-беренесинде референдум менен кабыл алынган мыйзамдык норма референдум аркылуу гана өзгөртүлөт деп жазылган.

Кыргызстан келечекте экс-элчилерди парламенттик шайлоого катыштырууну кааласа, мамлекет башчы айткандай, Башмыйзамды өзгөртүү зарыл.

Кыргызстандын Конституциясы 2003-жылдын февраль айында референдум аркылуу кабыл алынган. Буга байланыштуу өлкөдөгү «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы 18-февралда дароо эле билдирүү таратып, коомчулукту президенттик шайлоого чейин аткаруу бийлик өкүлдөрүнүнүн референдум өткөрүүсүнө жол бербөөгө чакырды.

- Анткени биздин оюбузча референдум өткөрүү учурунда Аскар Акаевдин келечекте да бийликте калуусун шарттаган өзгөртүү кошо киргизилет. Ошондуктан, коомчулук 2005-жылдагы президенттик шайлоого чейин Башмыйзамды өзгөртүүгө жол бербеши керек.

Аскар Акаев буга чейин бийликте калышына 2003-жылы кабыл алынган Башмыйзам жол бербестигин коомчулукка бир нече курдай жарыялаган:

- Мен буга чейин бул суроого эки жолу жооп бергемин. Конституциянын жаңы редакциясы менин келечекте да шайлоого катышуума жол бербейт.

Аскар Акавди келечекте да бийликте калтыруу үчүн атуулдардын колун топтоо иш чарасы жүрүп жаткандыктан айрым атуулдар мамлекет башчысынын жогорудагыдай убадасына ишенбейт:

- Эгерде Аскар Акаев бийликте калууну каалабаса, анда кол чогулткандарга «койгула, мен шайлоого катышпайм» демек. Мындай иш чараны дароо токтотмок. Ошондуктан коомчулук мамлекет башчынын буга чейинки сөзүнө ишенбейт. Мен да ишенбейм, - дейт Аксы районунун Карасуу айыл өкмөтүнүн тургуну Жаныш Курбанов.

Ошентип коомчулукта 2005-жылкы президенттик шайлоого чейин өлкөдө дагы бир жолу референдум өткөрүлөбү деген талаш жандана баштады. Бул маселеге ырасмий бийлик тараптан тактоо киргизчү ойлор айтыла элек.


(Сүрөттө - ишембиде (19-февралда) Бишкекте өткөрүлгөн нааразылык жыйынынан бир көрүнүш. "Азаттыктын" архиви)

XS
SM
MD
LG