Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

ИЗРАИЛДИН ӨКМӨТҮ ГАЗА ТИЛКЕСИНДЕГИ КОНУШТАРДЫ КӨЧҮРҮП КЕТҮҮ ПЛАНЫН ЖАКТЫРДЫ


Израилдин өкмөтү жекшембидеги жыйынында премьер- министр Ариэль Шарондун Газа секторундагы жөөт конуштарынын баарын, ал Иордандын Батыш жээгиндеги конуштардын төртөөсүн көчүрүү планын жактырды. Мурдараак планды Израилдин парламенти колдогон эле. Пландын өкмөттө жактырылышы менен ага каршы болгондордун маселени жалпы элдик референдумга алып чыгуу аракеттери ишке ашпачудай. Бирок эми Ариэль Шарондун өкмөтү үчүн алдыда дагы бир күрөштү-жеңип чыгуу - планды ишке ашыруу үчүн анын бюджетин бекитүүгө жетишүү милдети турат.

Израилдин айрым гезиттери өкмөттүн жекшембидеги жыйынынын күн тартибине коюлган маселелерди "тарыхый" деп аташкан эле. Кабыл алынчы чечим тарыхый экенин жекшембиде өкмөт мүчөлөрү да айтышты. Өлкөнүн турак жай жана курулуш министри Ицхак Херцог мындай дейт:

- Бул өкмөткө Эмгек партиясынын кошулуусу менен өкмөт бүгүн Израил мамлекетинин тарыхындагы өтө тарыхый чечимдердин бирин кабыл алууда дегенди туюндурат. Бул - оор чечим, бирок ал региондогу багытты өзгөртөт.

Израилдин премьер- министри Ариэль Шарон өкмөт жыйынын ачып жатып, күн тартибиндеги маселе Израилдин келечеги үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи:

- Бул - жеңил, кубанычтуу күн эмес. Газа секторундагы жана Самариянын түндүгүндөгү конуштарды көчүрүү – татаал иш. Бул Израилдин жарандары, мен үчүн, өкмөт мүчөлөрү үчүн да оор. Бирок бул Израил мамлекетинин келечеги үчүн маанилүү кадам.

Газа секторундагы жөөт конуштарын жоюу планы Израилде бир жылдан ашуун убакыттан бери талкууланып келүүдө. Ага колдоо табуу максатында премьер- министр Ариэль Шарон өкмөттүн курамын кайрадан түзүп, ага оппозициячыл Эмгек партиясы да кирген болчу. Планды мурдараак Израил парламенти - Кнессет жактырган эле. Маселе Кнессетте каралып жаткан күндөрү ошол көчүрүлүүчү жөөт конуштарынын тургундары кескин нааразылык билдиришип, парламенттин имараты алдында тынбай демонстрацияларды өткөрүшкөн.

Газа секторунда 1,3 миллион палестиндин катарында Израилдин 8,5 миңдей тургуну, ал эми Иордандын Батыш жээгинде 2,3 миллион палестин менен бирге 230 миңдей жөөттөр жашайт. Алардын конуштары жайгашкан жерлер, Иерусалим шаарынын чыгышы Израилге 1967-жылы алты күнгө созулган жөөт-араб согушунун соңунан өткөн.

Израилдин ашынган улутчулдарынын пикиринде, Газа секторунан кетүү "палестин террорчуларын сыйлагандык". Анткен менен коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары, көпчүлүк Газа секторундагы конуштарды жоюу планын колдоорун көргөзүүдө.

Анын өкмөттө жактырылышы Газа секторундагы 21 жөөт конуштун баарынын, ал эми Иордандын Батыш жээгиндеги 120 конуштун төртөөсүн көчүрүү беш айдан соң же июлда башталат дегенди билдирет. Ал иш-чара сегиз аптага созулушу мүмкүн. План палестиндер менен тынчтыкка жетишүүгө багытталган кадам катары бааланууда. Бирок аны ишке ашыруу боюнча алдыда кыйынчылыктар жок эмес.

Израилдин маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, ар бир конушту көчүрүү үчүн куралсыз 6 миңдей аскер жана полиция кызматкери ишке тартылышы мүмкүн. Конуштардын жетекчилери ошол жерде жашаган тургундарды, эч кандай зордук-зомбулукка барбастан каршылык көргөзүүгө чакырган, бирок коопсуздук кызматтарынын болжолунда кан төгүүлөр да орун алып кетиши ыктымал.

Газа секторундагы жөөт конуштарынын жоюлушуна палестин согушкерлеринин кол салуулары да тоскоолдук кылабы деген кооптонуулар бар. Жөөт өкмөт башчысы Ариэль Шарон жана палестин лидери Махмуд Аббас жакындагы самитте ок атышууну токтотууну макулдашкан соң, палестин согушкерлери кол салууларга барбай, элдешүү жараянын иш жүзүндө сактоодо, бирок алар бул боюнча кандайдыр бир расмий чечимге кол коюшкан эмес.

Жөөт өкмөтү бейшембиде талкуулаган экинчи маселе – алар Иодандын Батыш жээгинде куруп жаткан коопсуздук дубалынын багытын өзгөртүү, тактап айтканда анын ичинде калуучу аймакка дагы эки жөөт конушун кошуу маселеси болду. Бул палестиндердин кооптонуусун дагы көбөйтчүдөй. Израил дубал палестин террорчуларынан коргонуу үчүн керек деп эсептейт. Ал эми палестин тарап аны жер ээлөө аракети катары баалайт. Палестин лидери Махмуд Аббас тараптар ок атышууну токтотууну макулдашкан соң, жөөт премьер-министри Ариель Шаронду дубалдын курулушун улантпоого чакырган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG