Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

«МСН» кечирим сураса, сот жообуна тартылбайт


БИШКЕК. «МСН» гезити президент Аскар Акаевди каралаган макалалардагы айтылгандарды жокко чыгарып жазса, соттук териштирүүлөр болбойт. Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев дүйшөмбүдө «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. Абдил Сегизбаевдин айтымында, «МСН» гезити каралоочу макалаларды атайын заказдардын негизинде ырааттуу чыгарып келатат жана акыркы 4 ай ичинде ушул максатта 30 миң доллар алган. “Соттук териштирүүлөрдү болтурбоо үчүн «МСН» маалымат террорун токтотушу керек” деп эсептейт Сегизбаев. Ал эми «МСН» жетекчилиги президент Акаев баштаган бийликтин бул аракеттерин гезитти негизги жумушунан алаксытуу катары баалап жатат. Башкы редактор Александр Кимдин айтымында, кечирим суроого негиз жок, тескерисинче, эгер президент сотко кайрылса, гезит мыйзамсыз айып такты деп мамлекет башчыны сотко берет.

XS
SM
MD
LG