Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

АКШ ПРЕЗИДЕНТИНИН ЕВРОПАДАГЫ САПАРЫ АЛАКАНЫ ОҢДОЙБУ?


АКШнын президенти Жорж Буш Европадагы иш сапарын баштап, учурда Брюсселде жүрөт. Бул анын президенттикке экинчи мөөнөткө шайлангандан бери эски континенттеги алгачкы визити. Евробиримдиктин борборунда бул иш сапар АКШнын Ирактагы согушка байланыштуу айрым европалык өнөктөштөрү менен бузулган мамилеси оңоло баштаганынын белгиси болот деген чоң үмүт бар. Президент Жорж Буш жана америкалык башка ырасмий өкүлдөр буга чейинки билдирүүлөрүндө Вашингтон өз саясатындагы чечүүчү маселелерде Европанын кеңири колдоосуна ээ болуу үчүн аны менен келишүүчүлүк багытты карманарын ишара кылышкан эле. Анткен менен бир катар татаал маселелерде ири жетишкендик болорунун белгиси байкалбайт.

Жорж Буш Евробиримдиктин борбору – Брюсселде үч түн, эки күн болот. Бүгүн ал Бельгиянын жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрүп, транс-атлантикалык алаканын келечеги боюнча сөз сүйлөмөкчү жана кечки тамак учурунда француз президенти Жак Ширак менен жолугат.

Ал эми эртең НАТОнун жогорку деңгээлдеги жыйынына катышат. Бул жыйынга Украинанын президенти Виктор Ющенко да чакырылган. Ушул эле күнү Буш Евробиримдикке кирген 25 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары менен кездешет.

Андан соң ал Германияга жана Словакияга бармакчы. Словакияда Буштун орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрү белгиленген. АКШ президенти иш сапары башталар алдында ал Европада бир катар глобалдык проблемалар менен алектенээрин айтты:

- Артта калган бир нече аптада дүйнө маанилүү окуяларга күбө болду. Палестиналыктар зордук-зомбулуктун токтошу үчүн добуш беришти, украиналыктар өзүлөрүнүн демократиялык укуктары үчүн турушту, ирактыктар эркин шайлоого катышты. Мен Европада НАТОнун жана Евробиримдиктин лидерлери менен алдыбызда турган тарыхый мүмкүнчүлүктөрдү пайдасын көрүү үчүн кантип чогуу иштей аларыбызды талкуулайм.

Евробиримдиктин аткаруучу органы- Еврокомиссиянын ырасмий өкүлдөрүнүн биринин айтымында, Буштун келиши АКШнын Европага кайрылууга даярдыгын көргөзүүдө. Биринчи мөөнөтү учурунда ал ашыкча эле бир тараптуу болгон, эми өз ара мамилелерди сезирлээрлик деңгээлде калыбына келтирүү мүмкүн экенинин белгилери бар.

Азыр АКШ менен Европанын мамилесин татаалдаштырган эл аралык маселелердин олуттуусу -Ирандын өзөктүк программасы. Мындан эки апта мурун Европада АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс болгон кезде ал Вашингтондун Иранга карата пландары тууралуу кош маанилүү кептерди айткандай болду.

Евробиримдиктин Иран менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан үч өлкөсү-Британия, Франция, Германия Тегеранды уранды байытууну токтотууга ынандыра аларынан күмөн санаарын, ошол эле учурда Иранга кол салуу АКШнын күн тартибинде эмес экенин белгиледи.

Брюсселге келээр алдында бельгиялык VRT телеканалына берген интервьюсунда болсо президент Буш Иран маселесинде ириде дипломатияга артыкчылык берээрин көргөзгөнсүдү:

-Сиздер президент эч качан деп айтуусун эч качан каалабайсыңар. Аскерий чара эч качан президенттердин биринчи тандоосу эмес. Дипломатия дайым президенттердин, кеминде- менин биринчи тандоом.

Евробиримдиктин тышкы жана коопсуздук саясатты тейлеген өкүлү Хавьер Солананын дүйшөмбүдө франциялык телеканалдардын бириндеги маегинде билдиргенине караганда, ал Брюсселде АКШ президентинен Евробиримдик Ирандын өзөктүк программасынан улам жаралган кризисти жөндөө үчүн жүргүзүп жаткан дипломатиялык аракеттерге карата так позицияны угууну каалайт.

Эки ортодо ажырым жарата ала турган маселелердин дагы бири- Евробиримдиктин Кытайга каршы киргизилген курал санкциясын жоюу ниети. Вашингтон мындан кооптонот жана Буш Европанын лидерлерин бул пландан баш тарттырууга аракеттенет, бирок натыйжага жетээри күмөндүү.

Мындан сырткары соодага жана Жердин климатынын өзгөрүүсүнө байланышкан маселелер да эки тараптын мамилесине тоскоолдук кыла алчулардан.

Европалык ырасмий өкүлдөрдүн айтымында, алар абага булганыч газдардын бөлүнүшүн азайтуу максатында кабыл алынган Киото проктоколуна АКШ кошулат деп үмүттөнүшпөйт. Европа колдогон бул эл аралык документ өткөн аптада күчүнө кирди.

Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө Евробиримдик АКШдан уюмга жаңы кирген өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза тартибин жоюуну караган кадамдарды жасай баштоону суранмакчы. НАТОдогу дипломаттардын айтымында, АКШ президенти Түндүк – антлантикалык альянс боюнча өнөктөштөрдөн Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу үчүн каражатты жана адистерди көбөйтүүнү өтүнөт.

Евробиримдик АКШнын президенти менен эртең бир жарым саатка созулуучу сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында ким кайсыл маселени көтөрөөрүн аныктады. Алсак француз президенти Жак Ширак Европанын интеграциясы тууралуу, британ премьер- министри Тони Блэр Жакынкы Чыгыш боюнча, немец канцлери Герхард Шрөдөр Иран жөнүндө айтат. Ал эми Словакияга Евробримдиктин Ирак, Ирландияга Орусия, Венгрияга Украина боюнча саясаты жөнүндө кеп кылуу милдети жүктөлгөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG