Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:05

ЖОРЖ БУШ БРЮССЕЛДЕГИ СӨЗҮНДӨ АКШ – ЕВРОПА АЛАКАСЫН ОҢДООНУ КӨЗДӨДҮ


АКШнын учурда иш сапары менен Брюсселде жүргөн президенти Жорж Буш дүйшөмбүдө Европанын расмий адамдары алдында сүйлөдү. Анын сөзү АКШ менен Европанын ортосунда Ирактагы согуштан улам калган пикир-келишпестиктерди четтетүүгө багытталды. Бирок Буш өз сөзүндө АКШ жана Европанын биримдиги алдыда турган башка милдеттерди ишке ашыруу, атап айтканда Израил менен Палестинанын ортосунда тынчтык орнотуу, Иранга өзөктүк куралды өнүктүрүүгө жол бербөө, Сириянын Ливанды оккупациялоосун токтотуу үчүн да зарыл экенине көңүл бурду. АКШ президенти ошондой эле Орусияны демократия боюнча милдеттемелерине кайтууга чакырды.

АКШнын президенти европалык расмий адамдар алдындагы сөзүндө Иракка кол салуудан улам жаралгандай пикир келишпестиктер трансатлантикалык альянсты ажыратпаш керектигин белгиледи:

-Биздин бекем достук дүйнөдөгү тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү үчүн зарыл. Утурумдук талаш-тартыштар, өкмөттөр ортосундагы пикир-келишпестиктер, Жердеги эч бир күч бизди эч качан бөлө албайт.

Буш андан ары АКШ менен Европа артта калган талаштардын ордуна алдыдагы окшош максаттарды көздөй кадам шилтээрине, трансатлантикалык биримдиктин жаңы доорун баштоого мүмкүнчүлүк бар экендигине токтолду:

-Европа менен Америка бирге турган кезде кайсыл проблеманы болсо да чече алат. Эски талаштардын басылып, улуу парызды түшүнүүчүлүктүн пайда болушу бизге трансатлантикалык биримдиктин жаңы доорун баштоого мүмкүндүк берет.

Жорж Буш АКШ менен Европанын биринчи кезектеги милдети катары жөөт-палестин чатагын аягына чыгарууну атады:

- Биздин эң чоң үмүт жана биринчи кезектеги милдет - Жакынкы Чыгыштагы тынчтык. Көптөгөн ийгиликсиз башталыштар, үзүлгөн үмүттөр, жоготуулардан кийин Израил менен Палестинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

АКШ президентинин сөзүн угууга чогулган европалык расмий өкүлдөр, ал Иранды өз милдеттемелерин эл аралык мыйзамдарга ылайык аткарууга чакыруусун кол чабуулар менен кубатташты. Буштун айтымында, Иранга карата дипломатиялык мамиленин натыйжасы анын өзүнө байланыштуу:

- Ирандын режими террорчулукту колдоону жана өзөктүк куралды өнүктүрүүнү токтотушу керек. Эркин элдердин коопсуздугун коргоодо эч бир ыкма күн тартибинен биротоло алынбайт. Иран анткен менен Ирактан айрымаланат. Биз дипломатиянын баштапкы баскычтарындабыз.

Иранга карата саясат АКШ менен Европанын ортосунда пикир келишпестиктерди жараткан маселе. Учурда Евробиримдиктин үч өлкөсү - Британия, Франция Германия Иран менен аны өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү зат - уранды байытууну токтотууга ынандыруу максатында сүйлөшүү өткөрүүдө. Европалыктар бул сүйлөшүүлөргө АКШ өзү аралашпаса андан натыйжа чыкпай калышы мүмкүн деген пикирде. АКШ администрациясынын жогору даражалуу өкүлү жакында эле Вашингтондун сүйлөшүүлөргө кошулуу ниети жок экенин билдирген.

Европалык расмий адамдар Жорж Буш Сириянын Ливанда турган аскерлерин "оккупациялык күчтөр" деп атаганда да кол чабышты:

- Сириянын режими да Иракта зомбулук, бөлүп –жаруу аракеттерин колдогондорго каршы чечкиндүүрөк чара көрүшү, Израил менен Палестинанын тынчтыкка болгон үмүтүн өчүрүүгө умтулган террорчул топторду колдоону токтотушу керек. Сирия ошондой эле Ливандагы оккупациясын аякташы зарыл.

АКШ президенти өз сөзүндө ошондой эле Орусияны демократияга кайтууга чакырды:

- Орусия европалык мамлекет катары өнүгүүсү үчүн орус өкмөтү демократия жана мыйзам үстөмдүгү багытындагы милдеттемелерин калыбына келтириши керек. Биз мындай реформа бир күндө ишке ашпасын түшүнөбүз. Орусияга биздин биримдик басма сөз эркиндигин, турмуштук жактан зарыл оппозицияны, бийликтин бөлүнүшүн жана мыйзамдын үстөмдүгү жактарын ар убак эске салып турушубуз абзел. Орусия менен диалогдо АКШ жана Европанын бардык өлкөлөрү көңүл борборунда демократиялык реформаларды коюшу керек.

Европадагы иш сапарынын алкагында Жорж Буш ушул бейшембиде Словакияга барып, ал жерде орус президенти Владимир Путин менен кездешет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG