Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

ШАЙЛООЧУЛАРДЫН НААРАЗЫЧЫЛЫГЫ КҮЧӨДҮ


Соттордун кабыл алган чечимдери шайлоочулардын нааразычылыгын жаратты. Бүгүн Кыргызстандын бир катар жерлеринде эл көчөгө чыгышты. Атап айтканда, № 34 Кочкор шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлер Акылбек Жапаров менен Бейшенбек Болотбековду сот 21-февралдагы чечими менен шайлоодон четтеткен. Буга нааразы болгон үч миңдей адам бүгүн акция өткөрүп жатышат.

Тоңдо да нааразылык күчтүү. № 74 шайлоо чөлкөмүнөн талапкер Арсланбек Малиевди дагы сот 21-февралда өнөктүктөн четтетип салган. Ал эми Караүңкүр шайлоо чөлкөмүнөн чыккан талапкер Курманбек Бакиевди колдоо иретинде дагы 300дөй адам көчөгө чыкты деген маалыматтар бар. №71 Түп шайлоо чөлкөмүнөн талапкер Үкөн Исаеванын (президент А.Акаевдин балдызы) арызы менен шайлоодон четтилген С.Жапаровдун жактоочулары да көчөгө чыгышты. Талдоочулардын айтымында, бийликке көз каранды болгон соттордун кабыл алган адилетсиз чечимдери ыңкылапка себепкер болушу ыктымал...

XS
SM
MD
LG