Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

САЛИЖАН КОСМОСТОН АПРЕЛДЕ КАЙТАТ


Эл аралык космос бекетинде иликтөө жүргүзүп жаткан жердешибиз Салижан Шарипов жана анын шериги Лерой Чиао апрел айында Жерге кайтып келишет. Америкалыктар «Дискавери» космос чөлмөгүн үстүбүздөгү жылдын май айында космоско аттандырмакчы.

Оболу сөздү өз жердешибизден баштасак. Былтыркы 15-октябрдан бери Эл аралык космос бекетинде илимий нөөмөттө турган эки кишилик топтун бири – космонавт Салижан Шарипов - өзгөндүк жердешибиз экенин жамы журтубуз билет. Ал 1964-жылы Өзгөн шаарында туулган. 1998-жылы январда алгачкы ирет космоско учкан.

Ал былтыр күзүндө космоско учаар алдында «Азаттыктын» кабарчысы Кубаныч Жолдошев менен маек куруп, алдыдагы иш-аракеттерин мындайча сыпаттаган:

- Биздин программабыз абдан зор. Ал ачык космоско чыгуудан башталат. Кийин биз 100гө жакын илимий эксперимент жасайбыз.

Салижан Шарипов айткандай эле, онунчу эл аралык топ үзүрдүү иштеп келет. Эки ирет ачык космоско чыгышты, түркүн илимий сыноолорду жүзөгө ашырышты.

Алатоолук космонавттын айтымында, ал өз сапарынын алкагында Атажуртуна да тийешелүү болгон жагымдуу иш-чаралар менен алектенүүгө беленденген:

- Ысыккөлдү, Кыргызстандын тоолорун сүрөткө, видеотасмага алам. Мен өзүм да Кыргызстандын байрагы менен Бишкектин эмблемасын да алып кетип жатам. Мен Кыргызстанда туулуп-өскөнмүн, ошон үчүн Кыргызстан менин атамекеним деп санайм, - деген Шарипов мырза.

Учурда Эл аралык космос бекетинде иштеп жаткан топтун командири – Лерой Чиао (Leroy Chiao) мырза 1960-жылы туулган. Англис тилинен башка ханзу жана орус тилдерин да мыкты билет. Буга чейин үч жолу космоско учкан.

Эми бул топ апрел айында орус космонавты Сергей Крикалев менен америкалык астронавт Жон Филипс тарабынан алмаштырылууга тийиш.

Айтмакчы, бул эки шерик менен кошо космоско бир нече күнгө болсо да италиялык астронавт Роберто Виттори (Roberto Vittori) да аттанууда. 40 жаштагы Виттори мырза үч жыл мурда кыска мөөнөттүк сапар менен Эл аралык космос бекетинде болгону маалым.

Ал эми НАСАнын чөлмөктүк учуулар долбооруна келсек, эки жылдан ашуун убакыт мурда (2003-жылдын январында) кыйроого учураган «Колумбия» чөлмөгүнүн оор кайгысынан кийин, америкалыктар кайрадан космостук чөлмөктү учуруу үчүн бел байлоодо.

Быйыл 15-майда «Дискавери» чөлмөгү космоско аттанат. Эйлин Коллинз жетектей турган жети кишилик топ Эл аралык космос бекетине келет.

Эгерде бардык сыноолор ойдогудай өтсө, 12-июлда америкалык «Атлантис» космос чөлмөгү да космостук сапарга аттанаары күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG