Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

КОФИ АННАН БУУну РЕФОРМАЛАГЫСЫ КЕЛЕТ


БУУнун качкындар иши боюнча башчысы Рууд Люббер кызматчыларына сексуалдык адепсиздик кылганын танганы менен, уюм жетекчилигинин кысымы астында кызматтан кетти. Бир нече айдан бери маалымат каражаттары менен АКШ Конгресси “Мунай ордуна азык түлүк” программасынан чыккан чатакка байланыштуу БУУну реформалоо идеясын дембе-дем талап жатышкан. Люббердин кызматтан кетүүсү, байкоочулардын айтышынча, башкатчы Кофи Аннанды сындоону токтотушу керек.

Башкатчы Кофи Аннан быйыл БУУну реформалоонун зарылдыгын кайра-кайра оозанып баштады. Реформа уюмдун коопсуздук жана эл аралык өнүгүүдөгү ролун бекемдөө керек.

Аннан өзгөрүүлөрдү баштоодон мурда уюмдун мартабасына сөз тийгизген проблемаларды чечүүгө аргасыз болду.

Кызматчы аялдарга бейадеп мамиле жасабагынын айтып, актанып жүргөн Качкындар комиссариатынын башчысы Рууд Любберстин жекшемби күнү жумуштан кетүүсү Аннанды акыркы бир жылдагы сындоолорду токтотуш керек.

Башкатчыны айрыкча АКШ Конгресси Иракка тийиштүү “Мунай ордуна азык түлүк” программасын аткаруудагы мүчүлүштүктөр үчүн катуу сындап жүрөт.

Жакында уюмдун Секретариаты жана Аннандын өзү Ирак программасынын директору кетирген кемчиликтерге байланыштуу тергелет. Азыр Конгодогу тынчтык күчтөрүнүн аял-кыздарга сексулдык ыдык көрсөтүүсү жана БУУнун ички көзөмөл кызматы текшерилүүдө.

Кофи Аннандын уюмдун аброюн оңдоо багытындагы биринчи чоң кадамы БУУнун Өнүгүү программасынын мүдүрү Марк Мэллок Браунду өз жардамчысы кылып дайындоосу болду. Уюмдун өкүлү Фред Экхарддын билдиришинче, Браун оболу БУУнун коомчулук менен байланышын жакшыртышы абзел:

- Аннан Марк Мэллок Браунду тандады. Бул анын Улуттар Уюму маалымат каражаттарынын тажаан бөлүгүндө күчөп бараткан жана саясатта байкалган жеккөрүүчүлүктөн коргогондо эпкиндүү жана чогоолураак болсун деген тилегин билдирет деп ойлойм.

Байкоочулар Аннан чукул мезгилде маанилүү эсептелген менежмент, саясый иштер жана ички көзмөл кызматтарынын жетекчилерин дайындап, реформаны тездетсе болоорун айтышат. Айрым талдоочулар Вашингтондун кызыкчылыгы күчтүү маселелерде БУУнун мааниси төмөндөп кетпейби деп кооптонушат.

Вашингтондогу “Heritage”фондунун изилдөөчүсү Бретт Шафирдин айтымында:

-Улуттар Уюму өзгөргүүнү эч каалабаган заңгар. Ал шарданалыкты жана эсеп берүүчүлүктү көбөйтүү боюнча уюмдун мүчөлөрү менен прессанын катуу кысымы астында гана өзгөрүүлөргө бармакчы болууда.

Кофи Аннан өзү аптанын шейшемби күнү “адепсиздик жана башкаруу ишинде камдыктар” болгонун мойнуна алып, ага катар БУУ Түштүк Азиядагы топон сууда жабыркаган элге жардам көрсөтүүдө жана Ирактагы шайлоону уюштурууда үзүрлүү иштегенин белгилей кетти.

Аннандын улук кеңешчиси, америкалык мурдакы дипломат Роберт Орр президент Буш БУУдагы сөзүндө Ооганстан, Ирак жана Палестин жериндеги шайлоонун маанисине токтолгонун, бул үч өнөктүктө тең Улуттар Уюму чечүүчү ролду аткарганына көңүл бурат:

-Муну моюнга алуу абдан маанилүү. БУУ береги ар бир шайлоодо түрдүү роль ойносо да, өнөктүктүн башкы уюштуруучусу болду. Ар өлкөнүн өкмөт адамдары шайлоонун ийгилигин камсыздашты. Бул үч окуянын бири да БУУсуз болмок эмес.

Аннан мартта БУУнун реформалоонун, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин кеңейтүү боюнча өз планын ортого салат. Ал эми БУУнун сентябрдагы саммити бүтүндөй эл аралык уюмду реформалоо маселесине арналат.

XS
SM
MD
LG