Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

ЖОРЖ БУШ МЕНЕН ВЛАДИМИР ПУТИН ЖОЛУКТУ


Кубат Оторбаев, Прага Бүгүн Словакиянын борбор шаары Братиславада Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш менен Орус президенти Владимир Путин жолугушту. Анда негизинен Кремлдин жүргүзгөн саясаты, Орусиядагы демократиянын абалы жана террорго каршы күрөш маселелери талкууланды.

Словакиядага жолугушуу ушул сааттарда өтүп жатат, андыктан анын жыйынтыктары кийинчерээк белгилүү болот. А негизи Братиславадагы саммит - Жорж Буштун Европадагы сапарынын акыркы этабы.

Талдоочулар бул ирет Путин менен Буштун сүйлөшүүсү татаал болот деп болжошкон. Анткени Америка президенти Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери менен жолугушкан учурда орус бийлиги жүргүзүп жаткан саясатка кабатырланып турганын билдирген.

- Мен жана менин өлкөм президент Путинге демократия мыйзамдын улуктугуна, адамды, адам укуктарын сыйлоого жана басма сөз эркиндигине негизделе турганын эскерттик, - деди Жорж Буш.

Ал эми орус президенти болсо жолугушуу алдында словак журналисттерине берген интервьюсунда “батыштан келген демократияны биз ошол эле бойдон көчүрүп кабыл ала албайбыз, ал Орусиянын каада-салттарына, тарыхый шартка ыңгайлашканы оң” деп билдирди.

- Мындан 14 жыл илгери Орусия демократияны тандап алган. Бул жолго биз кимдир-бирөөгө жагыныш үчүн эмес, өзүбүздүн мамлекетке, элибизге жагымдуу болуш үчүн түшкөнбүз, - деди Путин.

Ал ошондой эле демократиянын деңгээли бийик делген алдыңкы мамлекеттерде деле бул жаатында кемчиликтер көп экендигине басым жасады.

Айтор, Жорж Буштун алдында эки жол турган эле: ал же орус президентине катуу айтып, аны бийликти өз колуна топтоп, ЮКОС компаниясын мамлекетке күчтөп кайтарып алып жатканы, оппозицияны, эркин басылмаларды кысымга алганы үчүн сынга алышы керек болчу. Мындай учурда Вашингтон менен Москванын алакасы татаалдашат. Болбосо Буш Путин жасап жаткан иштерге көз жуумп, сөздү террорго каршы күрөш, Иран менен Түндүк Кореянын атомдук программалары сыяктуу глобалдуу, бирок Москва үчүн сыпайы темаларга бурмак.

Кошмо Штаттарынын алдыңкы саясатчылары президент Путинди авторитардык бийлик жүргүзүп жатат деп сынга алышып, атургай Орусияны “чоң сегиз” деп аталган бейформал уюмдан чыгарып салуу демилгесин да көтөрүшкөн болчу. Башка бир саясатчылар болсо Орусия мунайга бай экендигин эске салышып, Москва менен мамилени бузбаш керек дешет. Словакиядагы саммит ушул өңдөнгөн суроолорго жооп берет.

XS
SM
MD
LG