АКШлык сенатор Жон МакКейн шейшемби күнү Кабулда президент Хамид Карзай менен кездешкенден кийин, Ооганстанда америкалыктардын туруктуу базаларын ачууга үндөдү:
- Биз, Америка элинин өкүлдөрү, узак мөөнөттүк стратегиялык кызматташуу көп-көп жылдарды камтышы зарыл экенине ишенебиз. Ал ооган элине катар Америка калкына да пайдалуу. Себеби, биз бу чөлкөмдө коопсуздук боюнча узак мөөнөттүк кызыкчылыгыбыз бар.
АКШнын Республикачылар партиясынын таанымал өкүлү МакКейн ”узак мөөнөттүк стратегиялык” кызматташуунун маанисин мындайча чечмеледи:
- Аны биз экономикалык жардам, техникалык жардам, аскерий кызматташуу деп билебиз. Мен ага теңорток туруктуу аскерий базалар да киргени жөндүү деп ойлойм.
Шаршемби күнү Ооган президенти Х. Карзайдын өкүлү эки өлкө көп жылдык аскерий кызматташууга кызыкдар экенин ырастады. Бирок, Карзай парламенттин макулдугу жок туруп, АКШлык базаларды ачканга ынанбасын билдирди.Ооганстанда болсо парламенттик шайлоо жыл аягында өтөт.
АКШ башындагы коалициялык күчтөр азыр Кабулдун түндүгүндөгү Баграм аба майданынын бир ныптасын пайдаланышат. Аскерий жетекчиликтин билдиришинче, төрт жыл мурда согуштун алдыңкы чегинде жаткан Баграм майданын миналардан тазалап бүткөнчө, толук колдонуп болбойт.
Аба майданын тазалоо бир жылдай илгери АКШ жана НАТО Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы аскерлерин кыскартканда башталган.
Пентагондун айтымында, Вашингтон экс-республикалардын базаларын туруктуу пайдаланалы деп эч качан сураган эмес.
АКШнын Коргоо министрлиги сырт жакта Кансыз согуш тушундагыдай килейген базаларды курбай калган. Ошон үчүн, сенатор МакКейн туруктуу базалар жөнүндө кеп кылганда, Ооган жериндеги коалициялык аскерлерди камсыздоочу майда базалар тууралуу сөз кылган болушу ыктымал деп боолгойт Лондондук эксперт Яан Кемп:
-Пентагон азыр жергиликтүү аскерлер менен машыкканга ылайыктуу, зарыл болсо, кеңейткенге жарагандай чакан базалар системасын курууга аракет кылууда. Андыктан, сенатор МакКейндин Ооганстанда туруктуу базалар керек деген сөзүн ушул жагдайда түшүнсө болчудай.
Учурда мындай борборлор Ооганстандын түштүгүндө- Кандагарда, батышында- Иран чек арасынан 100 чакырым алыстагы Синданда бар. Синдандагы ырасмий Тегерандын түн уйкусун бузган база, АКШнын чөлкөмдүк коопсуздук системасынын бир бөлүгү катары караса болот. Лондондук көз карандысыз эксперт Поль Бивердин пикиринде АКШ этият болушу керек:
-Синдан базасы Иранга жакын. Сиз ирандык болсоңуз, Америка Иранды курчамак болууда. Америкалыктардын базасы Ооганстанда бар. Пакистан менен мамилеси жакшы. Перс булуңунда кемелери бар. Эми Иранды курчайт деп айтмаксыз. Ошон үчүн Америка азыр этият кадам жасашы керек.