Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

УКРАИНА: КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА БИЛИНЕТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Украинанын президенти Виктор Юшенко көз караандысыз журналист Георгий Гонгадзени өлтүргөн, деп шектелген адамдар камакка алынганын билдирди. «Украинская Правда» деген интернет баракчасынын негиздөөчүсү Георгий Гонгадзе бийликтин жогору баскычындагы адамдардын коррупцияланышына байланышкан бир катар макалаларды жарыялаган эле. 2000- жылы 16-сентябрда журналист капилеттен жоголуп кетип, бир айдан кийин анын башы жок денеси табылган.

Бул окуя өлкөдө үлкөн нааразылык демонстрацияларына тамызгы болуп, оппозиция президент Леонид Кучманы журналисттин өлүмүнө тийешеси бар деп күнөөлөп чыккан. Шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө президент Виктор Юшенко Леонид Кучманын өкмөтү Гонгадзени өлтүргөн адамдарды жашырып- жапкан деп жарыялады.

Ал эми шаршембиде өлкөнүн баш прокурору Святослав Пискун журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу ички иштер министрлигинин жогорку даражалуу эки офицери камакка алынганын билдирди.

Январь айында бийликке келген президент Виктор Юшенко Гонгадзенин өлүмүнө байланышкан окуяны иликтеп, күнөөлүүлөрдү адилет жазага тартууга убада берген болучу.

Айтканындай эле, президент сөзүндө туруп, Гонгадзенин өлтүрүлүшүнө байланышы бар деген шек менен бир канча киши камакка алынганын билдирди. Ал камалгандардын аттарын да, алардын канча киши экенин да тактап отурбастан буларды баяндады:

- Биз бүгүн Гия Гонгадзенин өлтүрүлүшүнө байланыштуу маселе чечилди деп айта алабыз. Аны өлтүргөндөр камалып, тергөөгө алынып атат. Кечээ биз бул операцияны кандайча ишке ашрууну талкуулап жатканда мен Гонгадзенин өмүрүнүн акыркы сааттарына байланыштуу уккан кишинин жүрөгүн титиреткен фактылар менен тааныштым. Анын өлүмү азаптуу өлүп болуптур, бүгүн муну тергөө да тастыктап отурат. Биздин доордо бийлик адамдары өз жарандарына карата ушунчалык мыкаачы боло алаарына ишенүү мен үчүн кыйын болду.

Журналисттин өлүмүнө байланыштуу иштин өтөлүнө чыгуу үчүн кимдер суракка алынып атканын дааналап айтпаганы менен президент кылмышкерлердин издери кай жерге жетелеп келгенин жашырган жок:

- Менин максатым укук органдары менен бирдикте бул киши өлтүрүүнү кимдер уюштуруп, кимдер ишке ашырды деген суроого жооп табыш эле. Иликтөө азыр дал ушул баскычка жетти. Төрт жарым жылдан бери соңуна чыкпай келаткан иликтөөнүн эми минтип бир нече жуманын ичинде бүткөнү калганы,- мурдагы өкмөт бул иштин өтөлүнө чыгууга ниети эле болбостон, киши өлтүргүчтөрдү жашырып-жаап^ калкалап келгениy айгине кылып отурат,- деди Юшенко.

2003-жылдын күз айларында ошол кезде жаңыдан баш прокурор болуп дайындалган Святослав Пискун Гонгадзенин өлүмүнө байланышкан ишти жарым жылдын ичинде иликтеп чыгууга убада берген. Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлерин суракка алгандан кийин Пискун ички иштер министри, генерал Олексей Пукачты камоого буйрук берген.

Бирок министр камалгандан көп өтпөй баш прокурор Кучманын буйругу менен кызматтан алынып, анын ордуна Геннадий Васильев дайындалган. Гонгадзенин өлүмүнө байланышкан иш болсо ошону менен ың-жыңсыз тымып калган. Юшенко мунун да себептеринин бетин ачып, Гонгадзеге байланышкан ишти иликтей баштаган тергөөчүлөр тобу туш тарапка таркатылып, иликтөөгө баш-көз болгон прокурор жардамчылары иштен алынганын, ошол себептүү Васильевдин келиши менен иш токтоп калганын баяндады.

Гонгадзенин Америка Кошмо Штаттарында баш бааналаган жесири Мирослава айым күйөөсүнүн өлүмүнө байланышкан иш соңуна чыгып калганы жөнүндөгү кабарды ынануу жана жеңилдөө менен кабыл алганын баяндады.

Ошону менен бирге эле Гонгадзе айым кылмышкерлердин аттары жалпыга жарыяланып, жазасын алмайын ишти соңуна чыкты деп эсептегенге болбой турганын кошумчалады:

- Өлтүрүүгө кимдер буйрук берип, ал буйрукту кимдер аткарганы так аныкталып, кылмышкерлердин ысымдары аталмайын ишти өтөлүнө чыкты дегенге эртелик кылат. Азырынча кылмышкерлердин аттарын уга элекпиз.

XS
SM
MD
LG