Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

АТА- ЭНЕЛЕР БАЛДАРЫНЫН ОРДЕНДЕРИН КЫЗЫЛ АЯНТКА ТАШТАГАНЫ КЕЛИШТИ


Муса Мураталиев, Москва Чеченстанда курман болгон милиционерлердин эне-аталары шаршембиде Кызыл аянтка киргизилген жок. Алар нааразылык билдирүү катары балдарынын ордендерин Кызыл аянтка таштап салганы барышкан. Кремлдин комендатурасы «ИНТЕРФАКС» агенттигине айткан жообунда, Кызыл аянтка ал эне-аталар келгенге дейре эле кишилер киргизилбей аткан. Нааразылык билдиргени келгендер 2000-жылы март айында Сергеевопосаддык омон жоокерлеринин буктурмага кабылып кырылышына күнөөлүүлөрдү таап жасалоону талап кылышууда. Чеченстанда болсо кийинки күндөрү ок атышуу кайрадан курчуду.

2000- жылы март айында Грозныйга чукул жердеги Первомайское кыштагынын жанынан капилеттен жикчилдер кол салуусуна кабылып Сергеевопосаддык 20 омон жоокери курман болуп, 29 омон жарадар болушкан. Алардын кырылышына ким күнөөлү экенин аныкташ үчүн ата-энелер, ага-туугандары арызданып, ошондон бери оң жооп ала албай келишет.

Шаршембиде ошол согушта орден берилген омон жоокерлердин жакындары Кызыл аянтка келишти. Бирок алар киргизилбеди. Ал жерде окко учкан баласынын орденин алып келген Николай Грачев мындай деди:

- Мен Орусиянын атуулумун. Эмне үчүн мен Кызыл аянтка кире албайм? Менин уулум Чеченстанда курман болгон. Мынабул анын ордени. Муну мен ушул жерге таштаганы келдим.

Бирок ал жерде турушкан милиция кызматкерлери аны гана эмес балдарынын ордендерин көтөрүп алышкан Ольга Макарова, Алевтина Фединаны да аянтка жакын жолотушкан жок. Грачевдун айтканына караганда, биринчи кезекте баласынын кайсы согушка катышып орден алганын билгиси келет:

- Мен биздин маселеге бийликтин көңүлүн бурдуруш үчүн баламдын орденин бийликке кайрып берүүгө чындап даярмын. Уулум кайсы согушта, ким менен согушуп орден алды? Изилдөө ишиндегилер болсо биздин балдарды кандайдыр бир дайыны билинбеген атышты дешет. Чындыгында, биз аларды жикчилдер гана эмес свердловдук милиционерлер да атышкан деп угабыз. Орден эмне үчүн берилди? Кайсы согуш үчүн? Ким менен болгон согуш? Көлөкөсү менен болгон согушпу?, - дейт Грачев.

Он жылдан бери басылбаган Чеченстан согушу азыркы тушта кайрадан курчуду. Кечөө, башкача айтканда, 2- мартта, орусиялык ырасмий сыналгылар Сунжен районунда жикчилдер кишилери милиция бөлүмүнө кол салганын көргөздү.

Чеченстан Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчи Борис Прошкин мындай деди:

- Натыйжада, 5 бандит жок кылынды, 6 бандит колго түшүрүлдү. Алардын баары азыр тергөөгө алынып, билгенин айтып беришүүдө. Аталган районду ошол банда калдыгынана арылтуу үчүн атайын операция жүргүзүлүп атат. Тилеке каршы, алдын ала чыгарылган жыйынтык боюнча, бир милиция окко учту.

Сунжен райондук милиция жетекчиси Шамил Кучаевдин айтканына караганда, жикчилдердин кишилери бери дегенде 60 дан ашуун. Ошол эле күнү ИНТЕРФАКС агенттиги тараткан маалыматта жикчилдер Асиновская станциясына да кол салып, федералдык аскерлер бараткан ЗИЛ машинени жардырып, ал жардыруудан 2 аскер жарадар болгон.

Кошумчалай кетчү жагдай, феврал айында Чеченстан жикчилдер лидерлери ок атышууну токтоттук, жарашуу кебин баштайлы деп Кремлге кайрылышкан. Ал демилгени айтылуу Аслан Масхадов көтөргөн, бирок федералдык бийлик ага жооп берген эмес.

XS
SM
MD
LG