Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

ЖАРДЫРУУ КОРКУТУУБУ ЖЕ КОКУСТУКПУ?


Айданбек Акмат уулу, Бишкеk 3-мартта таңга жуук саат бештер чамасында “Атажурт” кыймылынын лидери Роза Отунбаева Бишкектеги квартирасында жардыруу болгон. Аны учурда тартип коргоо органдары иликтөөдө. Бул окуяны өлкөдөгү саясатчылар жана ырасмий тарап кандай баалап жатат?

“Атажурт” кыймылынын лидеринин квартирасындагы жардырууну оппозициялык маанайдагы саясатчылар анын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Роза Отунбаева өткөн жылдын аягынан бери жумуруяттагы саясатка активдүү аралашып, президент Акаевдин сөзү менен айтканда “оппозициянын кыймылдаткычына” айлана баштаган.

Парламенттик шайлоого талапкер катары катышууга ага жол берилбегенден кийин, ал өлкөнү түрө кыдырып, өзү жетектеген кыймылдан көрсөтүлгөн талапкерлерди сүрөөгө алды. Роза Отунбаеванын оппозицияга келиши менен Орусиянын маалымат каражаттарында мурдагыдай кыргыз бийлигине эле эмес, оппозиция өкүлдөрүнө да орун табыла баштады.

Орусиянын калкы жана саясий элитасы Кыргызстандагы абал тууралуу альтернативдүү маалымат алууга мүмкүнчүлүк алды.

27-февралдагы шайлоодо “Атажурттан” бир гана талапкер биринчи турда жеңишке жетишкенине карабай Роза Отунбаева жеңилүү жөнүндө сөз жок экенин билдирген. Мына ошол 28-февралдагы билдирүүдөн үч күн өтпөй Отунбаеванын Бишкектин Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги квартирасынын балконунда жардыруу болду.

Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова ал жардырууга мындай баа берди:

- Биздин коркконубуз бул жаман иштердин башталышы болушунун ыктымалдыгы. Танаевдин жабык кеңешмесинде “Обьектти жоготуу” дегендин биринчи этабы болушу мүмкүн. Бул коркутуу. Коркпой калса андан оор иштерге барышы мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан элдик кыймылы элдин зарын айтып, оюн ойлоп жүргөн адамдарга каршы жасалган иштерди кескин айыптайт.

Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков мындай пикирин билдирди:

- Бул кезектеги чагым. Андан сенсация кылуунун кажети жок.Аны жасаган адамдар аныкталды. Тартип коргоо органдары иштеп жатат. Далил жоктуктан алардын атын атай албайбыз. Эч ким кармала элек.

“Өнүгүү” партиясынын лидери Мамбетжунус Абылов Отунбаеванын квартирасындагы жардыруу ага болгон бийлик тарабынан эскертүү деп билдирди:

- Бийлик тарабынан ар тараптан коркутуу максатында жасалган акция сыяктуу көрүнүп жатат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, кезинде атайын кызматта иштеген Алишер Абдымомунов жардырууну Роза Отунбаева өзү жасады деген божомолду четке какты. Анын пикиринде, бул жардырууга бийликке жакын майда топтун тиешеси бар:

- Бул жерде бийликке жакын майда топ, коркутуп-үркүтүү ишин жасап жаткандай болуп турат.

Роза Отунбаеванын жардамчылары 3-марттын таңындагы окуя тартип коргоо органдары тарабынан иликтенип жатканын, анын жыйынтыгына жараша билдирүү болорун айтышты.

XS
SM
MD
LG