Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

КЫРГЫЗСТАНГА ПЕРВЕЗ МУШАРРАФ КЕЛЕТ


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Кыргызстанга ырасмий сапары менен Пакистан Ислам Республикасынын президенти Первез Мушарраф келет.

7-мартта Кыргызстанга эки күндүк ырасмий иш-сапары менен Пакистан Ислам Республикасынын президенти Первез Мушарраф келет.

Сапар учурунда Первез Мушарраф Кыргызстандын өлкө башчысы Аскар Акаев, премьер-министри Николай Танаев менен жолугат. Тараптардын эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Өлкөдөгү саясатчылар Пакистандын президентинин Кыргызстанга келишине чоң маани беришүүдө. Алардын пикиринде, Кыргызстандын Пакистан менен коопсуздук, экономикалык тармактардагы кызматташуусун өнүктүрүү зарыл.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Абдымомунов айрыкча коопсуздук маселелери боюнча кызматташышыбыз керек дейт:

- Албетте, биз Пакистан менен регионалдык коопсуздук проблемалары боюнча кандайдыр бир карым-катышта болушубуз керек. Бул региондогу коопсуздукту жакшыртыш үчүн керек. Анан биз үчүн стратегиялык жактан океанга эң жакын жолу ушул Пакистан аркылуу болуп жатат. Эки өлкөнүн ортосунда экономика, айыл-чарба тармагында да кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл. Эми канчалык даражада бул маселелер ишке ашаары белгисиз. Бирок, биз буга аракет жасашыбыз керек, - деди Алишер Абдымомунов.

XS
SM
MD
LG