Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Жалалабатта карама-каршы багыттагы эки митинг болду


ЖАЛАЛАБАТ. Бийлик тарабындагылар уюштурган бүгүнкү атаандаш митингдин катышуучулары 4-марттан бери уланып жаткан оппозициячыл саясый иш-чаранын катышуучуларын бузуку катары айыпташты.
Ал эми президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылып жаткан жыйындын катышуучулары болсо беркилердин көтөргөн ураан-тасмаларын жулуп алышып, ортодо кагылышуу болуп кете жаздады.

Жаңжалды саясатчы, "Эркиндик" партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев менен ички иштер кызматкерлери ортого түшө калып токтотту.

Элдик кыймылдын бул нааразылык чарасына талапкерлер Курманбек Бакиев менен Дооронбек Садырбаевдин жактоочулары да кошулушуп, кечке маал пикетчилердин саны үч миңге жетти. Алар жаңы келгендерди «Аскар Акаев кызматтан кетсин» деген ураан, чакырыктардын коштоосунда күтүп алышууда.

Кырдаалга аскерлер жана Ош, Баткен, Жалалабат облустарынын милициясы, милициянын өзгөчө отряддары, улуттук коопсуздук кызматтары көз салууда.

XS
SM
MD
LG