Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

ОРУСИЯ БИЙЛИГИНЕ МАСХАДОВДУН ЭКИНЧИ КАЙРЫЛУУСУ


Муса Мураталиев, Москва Бул күндөрү «Эркин Европа жана Азаттык» үналгысынын чечен тилинде берүүсү интернет аркалуу кайрылып, Чеченстандын мурдагы президенти Аслан Масхадовон интервью алды. Анын жообунда азыр да Орусия жетекчилиги менен жарашуу кебин баштоого даяр экендигин белгилүү болду. Ошол эле учурда, эгерде Чеченстандагы согуш дагы да уланса анынын бүтүндөй Кавказ аймагында таркай тургандыгын боолголотот. Москва болсо феврал айында жарашуу кеңешине олтуралы деген Масхадовдун сунушун жоопсуз калтырган.

Чечен жикчилдер лидери Аслан Масхадов дагы бир жолу орусиялык бийликке жарашуу олтурумуна чогулалы деп кайрылды. Ал мындай сунушту биздин радиого берген маегинде мурунку жумада же 4-март күнү айтты.

- Биз андай сунуш кылганбыз жана дагы да сунуш кылабыз. Бул согушту токтотуу үчүн көзмө көз олтуруп ак ниеттик менен отуз мүнөт сүйлөшүү жетиштүү болот деп эсетейбиз, - деди Масхадов.

Буга дейре да, так айтканда, жаңырган жылдын биринчи айынын этегинде “Кавказцентр” интернет-сайты аркалуу Масхадов кайрылуу жазаган. Ал жолу “орусиялык аскер кызматындагылар менен согушууну 23-февралга дейре бир жактуу түрдө токтото туруу” буйругун берген. Орусиялык бийлик болсо жикчилдер лидеринин сунушун бейишеним менен кабылдап, кепке келүүдөн баш тарткан. Ал күндөрү бийликке чукул жүргөн серепчи Сергей Чугаев мындай ойдо:

- Эгерде бул жолу Москва террорчулар кебине кирет экен, анда ал өзүнүн алсыз экенин билдирет. Ошону менен Кавказдагы өзүнүн көптөгөн өнөктөрүнөн айрылат. Андан кийинки кадам болуп Чеченстанга эл аралык көз салуучулардын, андан соң чет элдик бейкутчулук орнотчу күчтүн кириши эсептелип калат.

Адам укугун коргоо уюмдары болсо кол топтоп президент Путинди кепке келип, Чеченстан кризисинен чыгуу жолун издегенге чакырышкан.

Чечен жикчилдеринин лидери менен маңдай-тескей олтуруу – бул анын баркын көтөргөндүк, ага саясий бедел кошкондук деп эсептеген “Мекен” фракциясынын мүчөсү Виктор Илюхин мындай деген:

- Мен такыр каршымын. Эгерде биз Чечен жумуриятында гана эмес бүтүндөй Кавказда саал-паал ырааттуулук орносун десек, анда эмне үчүн биз Масхадов жетектеген кандайдыр бир саясий уюм пайда болушуна жөлөк болушубуз керек?, - дейт Илюхин

Жума күнү биздин радиого жеткен маекте чечен жикчилдер лидери өзүнүн буйругун Чеченстанда гана эмес, Ингушетия, Дагестан, Кабарда-Балкар, Карачай-Черкесте согуштук бөлүктөр аткарыша тургандыгын билдирди:

- Чеченстандагы жана кошуна жумурияттардагы бардык согуштук бөлүктөр чечен каршылык көрсөтүү жетекчилигине баш ийишет.

Феврал айынын этегинен бери Чеченстан жеринде кармаш кайра күчөдү. Федералдык күч ошондон бери тоо таянып улам кармашка чыга калып аткан 70ге чукул можехеттер менен урушуп атат. 12 можехет жок кылынган. Орусиялык аскерден окко учканы жок дешет.

XS
SM
MD
LG