Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

ОППОЗИЦИЯ ПРЕЗИДЕНТТИК ЧУКУЛ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК ДЕЙТ


7-мартта Ишенгүл Болжурова жана Роза Отунбаева Кыргызстан саясий күчтөрүнүн форумунун атынан маалымат жыйынын өткөрүп, билдирүү таратты. Анда алар Курманбек Бакиевдин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү, Жогорку Кеңештин чукул сессиясын чакыруу жана Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылуу боюнча демилгесин колдошоорун жарыялашты.

Кыргызстан элдик кыймылынын лидери Курманбек Бакиев өлкөдөгү абалды турукташтыруу боюнча үч бөлүктөн турган сунушун 6-мартта Жалалабадда өткөн митингде жарыялаган:

- Президент токтоосуз түрдө кызматтан кетиш керек. Экинчиден, Конституцияга ылайык үч айдын ичинде президенттик шайлоо болуш керек. Азыркы иштеп жаткан парламент жакынкы күндө сессияга чогулуп, азыркы болгон шайлоого саясий баасын берип, өз ишин улантып туруш керек.

7-мартта өлкөдөгү беш ири саясий топтун - Кыргызстан элдик кыймылы, “Атажурт”, “Жаңы багыт”, Кыргызстан элдик конгресси жана “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук биримдигинин башын кошкон Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн форуму билдирүү таратты. Анда шайлоо таза өтпөгөнү айтылган.

Өлкөдөгү кырдаалга “Атажурт” кыймылынын лидери Роза Отунбаева мындай деп баа берди:

- Биз кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратат деп айта алабыз. Аскерлер Жалалабат администрациясын курчап турат. Губернатор шаардык милициянын имаратында отурат. Ал башкара албай калды. Элдин нааразылык акциясы бардык жерде бар.

Ал Курманбек Бакиевдин демилгеси колдоого алынаарын билдирди:

- Саясий күчтөрдүн форуму Бакиевдин идеясын сөзсүз колдойт. Бул демилге бардык саясатчылардын идеясынын жыйынтыгы. Курманбек Бакиев ал идеяларды топтоп туруп айтты, аны аянттагы эл колдоду. Бул демилгенин бүгүнкү күндө келечеги бар.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Чолпонкул Арабаев оппозициянын мындай демилгесин мыйзамсыз деп баалады:

- Бул - антиконституциялык мыйзамсыз чакырык..

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын сессиясын чакыруу үчүн аракеттер жасалып атат. Ал үчүн зарыл болгон 60 депутаттын үчтөн биринин колу чогултулганын депутат Орозбек Дүйшеев билдирди:

- Мыйзам чыгаруу жыйынынын үчтөн биринен көбү кол коюшту. Биз азыр Мыйзам чыгаруу жыйынын гана чакырууга аракет кылабыз. Эл өкүлдөр жыйыны өздөрү билет.

Сессияны чакыруу демилгесин колдоорун Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов да билдирди:

- Эгерде республиканын облустарында, жер-жерлерде кеңири масштабдагы нааразылыктар болуп атса, биз эч нерсе болбогондой быякта отура бергенибиз - саясий жоопкерчиликсиздик. Ошондуктан мен сессияны чакырып, Мыйзам чыгаруу жыйыны бийликтин бир бутагы катары чогулуп, маселени талкуулашы зарыл деп эсептейм.

Эл өкүлдөр жыйынынын конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Валерий Диль шайлоонун өтө ыплас өткөрүлүп жатканын билдирип, буларга токтолду:

- Мен демилгени колдойм. Парламентти чукул чакырып, өлкөдөгү кырдаалга, шайлоо учурунда болгон мыйзам бузууларга баа бериш керек. Ал эми болуп жаткан нерселер эч кандай мыйзамдарга, Конституцияга туура келбейт. Сессияда президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү, 27-февралдагы добуш берүүнү жокко чыгарып, күзүндө кайра жаңы парламенттик шайлоону дайындаса болот. Ансыз абал көзөмөлдөн чыгышы ыктымал.

Сүрөттө: Жалалабат шаарында 6-мартта өткөн нааразылык жыйынынын катышуучулары. Сүрөттү Светлана Алещенко тарткан. ("Азаттыктын" архивинен).
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG