Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

КАЗАКСТАНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ӨТҮП КАЛЫШЫ ЫКТЫМАЛ


Төрөкул Дооров, Прага Казакстандын президентинин жардамчысы ушул жумада алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу билдирүү жасады. Эрмухаммед Эртышбаевдин айткандары кызуу талкуу жаратты. Талаш-тартыктар өзгөчө президент Н.Назарбаевдин айланасында жүрдү.

Президенттин жардамчысы ушул аптанын башында “Экспресс К” басылмасына берген интервьюсунда Казакстанда келерки президенттик шайлоо буга чейин белгиленгендей эле 2006-жылдын декабрында өтөөрүн айтты.

Эрмухаммед Эртышбаев ошондой эле, оппозиция бул күнгө карата “өз алдынча даярдык көрүп жаткандыгын” баса белгиледи.

Анткен менен шайлоо тегерегиндеги талкуулар маселени чече тургандай эмес. Оппозиция кайра күчтөнүп, ал эми бийликтин “Отан” партиясында айрым пикир келишпестиктер пайда болгондой.

“Отан” партиясы мындан алты жыл мурда президент Нурсултан Назарбаевдин кайра президенттикке шайланышын камсыз кылуу максаты менен түзүлгөн эле.

Анын төрагасы Амангелди Эрмегияев президенттик шайлоо быйыл да өткөрүлүп калышы мүмкүн экендигин мындайча кыйытып өттү:

- Мыйзамда шайлоо качан өтүшү керектиги ачык айтылган эмес. Конституцияда “шайлоо декабрда өтүшү керек” деп айтылган, бирок ошол эле учурда президенттин жети жылдык мөөнөтүн да аныктап коет. Бул маселе президент тарабынан конституциялык кеңеш аркылуу чечилиши керек. Биздин оюбузча (“Отан” партиясынын оюнча – автор.), шайлоо быйыл өтсө деле жакшы болмок. Бул, чынында, туура чечим болмок, - дейт Казакстандагы “Отан” партиясынын төрагасы Амангелди Эрмегияев.

Буга чейин Нурсултан Назарбаев дагы бир мөөнөткө президенттикке ат салыша тургандыгын жарыялаган.

Оппозициялык саясатчылардын бири шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүп калышы ыктымал экенин билдирди.

Алтынбек Сарсенбаев – “Ак Жол” партиясынын лидери. Казакстанда былтыр сентябрда өткөн шайлоодо оппозициялык партиялардын ичинде ушул “Ак Жол” партиясы гана парламенттен орун ала алды.

Сарсенбаевдин айтымында, былтыркы шайлоодо жеңилип калган оппозициялык партиялар курамына кирген демократиялык күчтөр жакынкы мезгилде президенттикке өзүнүн талапкеринин атын атайт.

- Демократиялык күчтөрдү башкаруу кеңеши биргелешип, жалпы бир талапкерин көрсөтөт. Мындан мен шек санабайм. Биз алдыдагы бир айдын ичинде элге өзүбүздүн талапкердин ысымын атайбыз, - деди “Ак-Жол” саясий партиясынын лидери Алтынбек Сарсенбаев.

Шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтүшүн оппозиция өз максаттарын ишке ашырууга түзүлгөн жакшы жагдай деп билет.

Казакстандагы оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрүнө же түрдүү айыптар тагылып, түрмөгө олтургузулган, же өлкөдөн качып кетишкен.

Алтынбек Сарсенбаев - алдыдагы президенттик шайлоого көрсөтүлүшү мүмкүн делген талапкерлердин бири. Анткен менен эл арасында башка адамдын ысымы аталууда. Ал – Жармахан Туякбай.

Президент Назарбаевдин эски досу парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынынын спикери болчу. Бирок Жармахан Туякбай парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп билдирди. Анын сөздөрүн ошол кезде алсыздана түшкөн оппозиция заматта колдоп чыкты.

Туякбай президенттик шайлоодо өз мүмкүнчүлүктөрүн сыноодон баш тартпай тургандыгын кыйытып өттү:

- Мен азырынча бир жыйынтыкка келе элекмин. Биз бул маселени азырга чейин Демократиялык күчтөрдүн кеңешинде талкуулай элекпиз.

XS
SM
MD
LG