Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

НАРЫНДА МИТИНГ УЛАНДЫ


Депутаттыкка талапкер Ишенбай Кадырбековдун жактоочулары 7-мартта Бишкек-Торугарт автожолун кайрадан бөгөшүп, ал эми Нарын шаарында нааразычылык митинг улантылды. Күндүн түш маалында болсо шаардын борбордук аянтынын эки тарабы тосулуп, троллейбус каттабай калды.

7-март күнү Нарын шаарындагы борбордук аянтта талапкер Ишенбай Кадырбековдун жактоочулары кайрадан чогулушуп, алардын саны саат он ченде 400 адамдын айланасында болсо, саат 14кө карата адамдардын саны үч жарым, төрт эсеге көбөйдү. Митингге катышкандардын арасынан айрым жарандар Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому чыкканга чейин төмөндөгүдөй сөздөрдү сүйлөштү:

- Мен иштебеген жумуш калган эмес. Эми бири-бирибизди ушинткен жакшы болбойт. Алакандай Нарынга тыччылык керек.

- Мен 70 жаштамын. Законду бузган болбойт. Экинчи турга калды дегенден кийин өткөрүш керек болчу.

- Үйүндө отургузуп коюп деле шайлабадык беле Ишенбайды. Жалпы эл Акаевден кутулсак, баарынан кутулабыз.

- Бийликтегилер апаларыбызды майрамдатканы ошо болсун. Ишенбай Кадырбековдун талапкерлигин коюп берет деп ишенем. Баарыбыз эле Аскар Акаевди жаман деп атабыз. Акаевдин жакшы жактары да бар.

Ал эми түш маалында укук коргоочу Турсунбек Акун мындай кайрылуу жасады:

- Борбордук шайлоо комиссиясы кара ниеттик кылып, сатылгандыгын көрсөтүп, окружкомдун мыйзамсыз, адилетсиз чечимин колдоп коюптур. Азыркы Акаевдин бийлиги эмне экенин көрсөтүп атат.

Турсунбек Акундун ушундай сөзүнөн кийин элдин пикири төмөндөгүдөй болду:

- Акыйкат ар дайым жеңиш керек. Эл, жер, ата мекен, Теңиртоо үчүн туулган, ушунча бийликке, кадырга, саясаттын туу чокусуна жеткен балабызды азыр колдобосок, биз эч качан колдой албайбыз. Мындай жигитти, саясатчыны күтүш үчүн дагы 20-30 жыл күтүшүбүз керек.

- Турсунбек Акун, революцияны Нарындан баштайбыз деп айткандай, мына революцияны баштайбыз.

Чогулгандар бир нече жолу губернатордун келип маалымат беришин, суроолорго жооп кайтарышын талап кылып турушту.

Саат он төрткө жакын губернатор Шамшыбек Медетбеков сыртка чыгып келип, калкка кайрылып, суроолорго жооп берди:

- Сиздер ойлоп атасыздар ушунун башында Акүй турат деп. Мен түшүндүрүп берейин. БШКнын жыйынына президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков өзү барып, «Кадырбековдун талапкерлигин мыйзамды бузуп алып таштабагыла, эл өзү чечсин, элдин таразасына коелу» деп, ошол жерде пикирин айтты. Анын сөзүн укпай коюшуптур. Эгерде Акүйдүн ичинде болсо Жанузаков барып жанагыдай түшүндүрбөйт эле - деди губернатор Шамшыбек Медетбеков.

XS
SM
MD
LG