Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

ПАКИСТАН КЫРГЫЗСТАНДАН ЭЛЕКТР КУБАТЫН АЛУУГА МУКТАЖ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Пакистан менен Кыргызстандын ортосунда бүгүн өкмөт үйүндө бир катар келишимдерге кол коюлду. Первез Мушарраф Пакистан Кыргызстандан электр кубатын бүгүн да болсо сатып алууга даяр экенин билдирди. Ал эми кыргыз бийлиги деңизге чыгыш үчүн Пакистандан деңиз портторун берүүнү суранды.

Эскерте кетели - ушул жылдын январь айында Кыргызстандын Аскар Акаев башында турган ырасмий делегациясы Пакистанда болушкан. Андан кийин кыргыз бийлигинин өкүлдөрү Пакистандагы аскерий бекем тартип менен коопсуздук жаатындагы чараларды баса белгилеп айтып келишкен.

Буга чейин Өзбекстанда болгон Первез Мушарраф ал жакта эларалык терроризмге каршы күрөш жаатында кенен сүйлөп, Пакистанда колго түшкөн айрым теерорчул топторду өткөрүп берүүгө даярдыгын билдирген.

Бирок кыргыз өкмөт үйүндөгү журналисттер үчүн сүйлөгөн сөзүндө Первез Мушарраф террорчулук жаатында кеп козгогон жок. Аскар Акаев болсо Ооганстанда мамлекеттүүлүктү орнотуп, террордун тамырын кыркууга кошуп жаткан салымы үчүн Пакистандын президентине терең ыраазычылык айтты.
Президент Аскар Акаев Пакистан лидеринен Кыргызстан жана региондогу башка өлкөлөрдүн деңизге чыгышына көмөктөшүүнү өтүндү. Акаевдин айтымында, транспорттук коридордун ачылышы үчүн көп аракеттер жумшалууда:

- Биз соода-сатыкты өнүктүрө турган, коммуникациялык байланышты өрчүтүүгө шарт түзө турган транспорттук коридорду ачыш үчүн активдүү аракеттерди көрүп жатабыз. Бул транспорттук коридор деңиз аркылуу Пакистандын деңиз портторуна, айрыкча, Карачи жана 21-кылымдын порту аталган Гвадариге жол ачылмак,- деди Аскар Акаев.

Кыргыз бийлиги Пакистанга электр кубатын экспорттоо боюнча алгачкы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул ниетти жолугушууларда президент Аскар Акаев да, өкмөт башчы Николай Танаев да айтып өттү. Пакистан лидери Первез Мушаррафтын айтымында, анын өлкөсүндө чындап эле электр энергиясына муктаждык чоң:

- Пакистанга электр кубаттуулугу абдан керек, мына бүгүн керек. Андыктан техникалык маселелерин биргелешкен экономикалык комиссия иштеп чыкса, анда Пакистан Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиясын алаарында шек жок, - деди Первез Мушарраф.

Премьер- министр Николай Танаев билдиргенге караганда, Пакистанга Тажикистан – Ооганстан же Кытай аркылуу электр энергиясын жеткирсе болот. Өкмөт башчы кыргыз тарап бул багыттарды иликтеп, ишке киришип жатканын билдирди.

Бул сапар учурунда Пакистан менен Кыргызстан ортосунда төрт документке кол коюлду. Анын ичинен эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери ортосунда кол койгон келишим да өтө маанилүү. Ага ылайык дипломаттар жана мамлекеттик кызматтагылар үчүн визасыз режим киргизилмек болду.

Первез Мушарраф эки өлкө ортосундагы соода-сатыкты жана экономикалык байланыштарды арттырыш үчүн визаны таптакыр алып салуу зарылдыгын белгиледи. Пакистан лидери Кыргызстандын ишкерлери жана соодагерлери үчүн пакистандык деңиз порттору кызмат көрсөтүүгө даярдыгын ырастады.

XS
SM
MD
LG