Парламенттик шайлоонун биринчи туру өткөрүлгөндөн бери Кыргызстандын жер-жерлеринде нааразылык акциялары уланууда. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон атуулдар 4-мартта Жалалабат обласынын мамлекеттик администрациясынын имаратын ээлеп алышты. Ушундай эле көрүнүш 7-марттан бери Ош обласынын Өзгөн райнунда орун алды. Нааразылык акциясынын катышуучулары мамлекет башчы Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.
Мына ушундан улам коомчулукта жогорудагыдай нааразылык акциялары канчага чейин улантылат, аны кантип токтотууга болот, деген суроолор жаралууда. Аткаруу бийлиги азырынча кырдаалды жөнгө салуу боюча ырасмий түрдө билдирүү тарата элек.
Ошондой эле жергиликтүү байкоочулар өлкөдөгү мамлекеттик маалымат каражаттары нааразылык акциялары тууралуу коомчулукка бир жактуу маалымат беришип, чыныгы абал өз убагында элге маалымдалбай жаткандыгын айтышууда. Ал эми оппозиция өкүлдөрү 7-мартта Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшүп, өлкөдөгү кырдаалды жакшыртыш үчүн Жогорку Кеңештин кезексиз сесиясын чакырып, адегенде президенттик, андан соң парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү сунуш кылышты. Учурда мындай демилгени колдоп Мыйзам чыгаруу жыйынынын жыйырмадан ашуун депутаты кол коюшту. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев мындай дейт:
- Биз Кыргызстандын тынч болушун каалайбыз. Андыктан элди ынтымакка чакырышыбыз керек. Аны чакыра турган бир гана орган - Жогорку Кеңеш. Жогорку Кеңеш шайлоонун кандай өткөндүгүнө баа берип, тиешелүү чара көрүшү керек. Антпесе кеч болуп калат.
Ал эми Кыргызстан элдик кыймылынын төргасынын орун басары Ишенгүл Болжурова нааразылык акциясын жөнгө салуу тууралуу төмөндөгүдөй оюн билдирди:
- Мындай нааразылык акциясын токтотуу оңой эле. Адегенде бийлик кызматтан кетиши керек. Андан соң шайлоону таза өткөрүү керек. Шайлоону өткөрүүдөгү бийлик колдонгон: добуштарды сатып алуу, элди алдоо жана башка ыкмаларды токтотуу зарыл.
Оппозиция өкүлдөрүнүн өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу пикирине аткаруу бийлигинин өкүлдөрү макул эмес:
- Нааразылык акциясынын катышуучулары турам десе тура беришсин. Аларга эч ким тоскоолдук кылбайт. Алардын талаптары аткарылбайт жана аткарууга да мүмкүн эмес. Ал эми өлкөдөгү саясий кырдаал бийликтин көзөмөлүндө. Бардыгы жакшы, - дейт президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаков.
Ал эми «Атамекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев болсо президент Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлиги соңку мезгилдери өлкөдөгү кырдаалга көзөмөлдүк кыла албай калды деген ойдо:
- Акаев башкарган бийлик өлкөдөгү саясий абалга көзөмөл кылууну колдон чыгарып жиберди. Бул азыр башаламандык менен өнүгүүдө. Бул шайлоонун экинчи турунда дагы күчөйт. Андан соң өлкөдөгү кырдаал башкача нукта өнүгүшү ыктымал.
Айтор саясий окуяларга оппозиция менен аткаруу бийлиги ар башка баа беришүүдө.