Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

ЖАЛАЛАБАТТА МИТИНГ УЛАНДЫ


8-мартта Жалалабатта президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү талабы менен улантылган митингге “Ата-Журт” коомдук кыймылынын лидерлери катышып, шайлоочулар менен бирге парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн белгилешип, элдин талабына кошулушту. Кыймылдын теңтөрагасы Роза Отунбаева кыргыз бийлиги өлкөнү башкара албай калганын айтты. Губернатор Жусупбек Шариповдун белгилеши боюнча өлкөнү башкарууга оппозиция жөндөмсүз.

Оппозициянын пикиринде үй-бүлөнүн балдарына кеңири жол ачылып, экс-элчилер шайлоого катыштырылган жок. 27-февралдагы шайлоого бийлик кийлигишип, мыйзамбузуулар көп болгондуктан элдин нааразылыгы көп облустарды кучагына алды.

13-марттагы шайлоонун да калыс өтөөрүнө ишеним жок. Кыргыз бийлиги алсырап, өлкөнү башкарууга чамасы жетпей атат. Республикада өлкөнү бийлөөгө кудуреттүү кыймылдар бар. Мындай пикирин президент Аскар Акаевдин отставкасын 8-мартта да талап кылган Жалалабаттагы митингчилер менен жолугушкан “Атажурт” кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева билдирди:

- Шайлоо таза, акыйкаттуу болушу үчүн бийлик колун тартыш керек, шайлоого кийлигишпеш керек. Бул бийлик абалды көзөмөлдөй албай калды, колунан эч нерсе келбей калды. Биз даярбыз азыркы кырдаалды көзөмөлдөгөнгө. Бул шайлоо акыйкаттуу түрдө бүтпөсө - эл өзү чечет тагдырын. Кыргызстандын элин алып кете турган күчтөр бар. Ошондой күчтөр элдин, депутаттардын арасында .

Оппозициянын саясатты өзгөртүүгө чамалуу экенине токтолгон кыймылдын мүчөсү Өмүрбек Текебаев бийликти аялдарга берүү оюн айтты:

- Биз айтабыз Акаев эгер башкара албасаң бийликти башкага бергиң деп. Биз бүгүнкү турмушту, бүгүнкү саясатты өзгөртө албасак анда аялдарга бийликти беришибиз керек. Биздин жигиттер аялдарды коюп жиберген. Миңдеген биздин жаш адамдарыбыз жумушу жок жүрөт. 300 миң адам паспорту жок жүрөт. Биз өз үйүбүздө түрмөдө отуруп калдык.

Манас менен кыз Сайкалдын эрөөлүн айтып берген кыймылдын теңтөрагасы Дооронбек Садырбаев мындай деди:

- Манас бабабыз калмактарды жеңип, кытайларды кууп жүрүп, баатырлыгына мактанып, боз үйдө кымыз ичип отуруп баатырлык формасын жоготуп коюптур. Бир кыз сайып салды бардыгыбызды, өзүң чыгып бир нерсе кылбасаң бүтүн кыргыз шерменде болдук десе. Сайкал кыз Манастын найзасын четке кагып, найзасын Манас атабыздын курсагына тийгизип туруп айтыптыр, “Манас, көзүңдү ачкың, сен журтка керектүү жигитсиң, жиним келсе азыр мен сени сайып өлтүрүп кетет элем. Эй, арак, кымыз, бозо ичкениңди токтоткуң. Сен журттун туусусуң, сен жыгылып калсаң мен журтту алып бара албайм, ошон үчүн мен сени аядым!” деп бастырып кеткен экен Сайкал.

Ушул сөзүнөн кийин Садырбаев митингдеги аялдарды майрамы менен куттуктады.

Кыймыл жетекчилеринин пикирине облус губернатору Жусупбек Шарипов кошулган жок. Анын ою боюнча оппозиция өлкөнү башкарууга жарамсыз:

- Жалпы Кыргызстан боюнча бардык бийлик органдары иштеп атат. Биз ушундай кырдаалды алдын ала билгенбиз. Тынч митинг болбой эле, облустук мамлекеттик администрацияга күч менен кирет деген толук маалымат болгон. Милиция менен элди кагыштыргыбыз келген жок. Жаманбы, жакшыбы баары биздин эл.

Митингге 4 миңден ашык адам катышты. Бирок губернатордун маалымат катчысы мындай маалыматты четке какты:

- Бул жерде беш жүздөн ашык адам жөн эле байкоочу болуп жүрөт - деди Орозалы Карасартов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG