Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

МАДРИДДЕ ТЕРРОРИЗМ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНУУДА


Шейшембиде Испаниянын баш калаасында терроризмге каршы күрөшкө арналган конференция башталды. Мындан бир жыл мурун Мадриддин темир жолундагы терракттан 200гө жакын киши өмүрүнөн ажыраган эле. Башка жыйындардан айырмаланып, бул конференцияда терроризмдин себептери, проблеманы чечүүнүн узак мөөнөттүү чаралары талкууланмакчы.

Жыйындын катышуучулары арасында БУУнун баш катчысы Кофи Аннан, Ооганстандын президенти Хамид Карзай жана бир катар мамлекеттердин мурдагы жетекчилери жана терроризм маселелери боюнча эксперттер бар.

Соңку жылдары АКШ, Европа жана Азиядагы өнөктөштөр чалгындоо маалыматтарын чогултуп, алар менен бөлүшүү тармагында чоң прогресске жетишти деп баса белгилешет адистер. Атайын кызматтар бир нече террактты алдын алып, кылмышкерлерди колго түшүрүү боюнча ийгиликтүү операция өткөрүштү. Эл да терроризмдин коркунучу жөнүндө жакшы кабардар болуп калды, деп белгиледи Бразилиянын экс-президенти Фернандо Хенрике Кардозо:

- Терроризм тынчтык менен эларалык коопсуздукка коркунуч келтирет. Ал биздин жакындарыбызга, ар бирибизге коркунуч туудурат.

Шотландиялык аналитик Магнус Рансторп терроризм жана саясий зомбулук маселелерин иликтейт. Анын айтуусунда, көпчүлүк убакытта терроризмге алып келген себептер көз жаздымда калып келатат:

- Терроризмдин симптомдору, терракттардын ишке ашырылышы, алардын формаларына көңүл көп эле бурулуп жатканы менен, бул көрүнүштүн терең себептерин түшүнүүгө аракет жасалбайт. Терроризмдин себептери ар кандай, кээде өтө татаал болгондуктан, аларга кайрылуу да оңой эмес. Ар бир контекст бөлөкчө мамилени талап кылат.

Мадрид конференциясынын катышуучулары маселе кандай кыйын болбосун, ага көңүл бурууга убакыт бышып жетти деп эсептешет. 4 күндүк жыйын “Мадрид Клубу” деп аталган ассосация тарабынан уюштурулган. Уюмга 56 мурдагы мамлекет жана өкмөт башчылар кирет.
Испаниянын тышкы иштер министри Бернардино Леон конференцияны ачып жатып: “Терроризмге каршы бир чара бар. Бул – демократия”, - деди.

Эксперт Рансторп коомдо диний, маданий, расалык же экономикалык себептерден улам бөлүнүп-жарылуу болсо, ал коом радикалдуу идеяларды бат сиңирип алат. Радикалдуу идеялар болсо радикалдуу иш-чараларга алып келет. Ушундай жагдайга азыр Европада күбө болуудабыз деп, голландиялык режиссер Тео ван Хоктун ислам экстремисти тарабынан киши колдуу болгонун мисал катары келтирет.

Экономикалык абалы Европадагыдан начар болгон дүйнөнүн башка жерлеринде болсо терроризмдин себептери ар кыл болушу мүмкүн, - деп улантат Рансторп:

- Ооганстанды алсак, өлкөдө мамлекет калыбына келтирилүүгө тийиш. Ооганстандагы кырдаал жөнүндө сөз кылганда, биринчи кезекте башкаруу жана диний экстремизм маселесине кайрылыш керек.

Регионалдык жана улут аралык жаңжалдар дагы жек көрүүгө, терроризмге алып келиши ыктымал. Дүйнөдөгү эң олуттуу жаңжалдарды атап чыгып, Рансторп терроризмдин коркунучун азайтууну көздөсөк, аларды кечиктирилбестен чечишибиз керек деген пикирин ортого салат:

- Көп иштер жасалышы керек. Өзгөчө Палестина менен Израиль ортосундагы чыр-чатак, Чеченстан, Кашмир, Ирак өңдүү регионалдык жаңжалдарга чекит коюлууга тийиш. Иракта тынчтык орнотуу өзгөчө мааниге ээ.

Мадрид конференциясы өз ишин жума күнү жыйынтыктайт.

XS
SM
MD
LG