Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

ЛИВАН КРИЗИСИНЕ ЭСКИ ЖАҢЫ ОЮНЧУ КОШУЛДУ


Ливандык шийилердин "Хезбулла" партиясы шейшембиде Бейруттун көчөлөрүнө 10 миңдеген колдоочуларын чыгарып, сириялык аскерлер чыгарылса Ливанда АКШнын жана Израилдин таасири күч алаарын эскертти. Куралдуу бөлүктөрү бар бул таасирлүү уюмдун саясий сахнага чыгышы Ливандагы кырдаалды курчутабы же жокпу - азыр айтуу кыйын. Бирок Ливандагы 14 миң аскерин чыгарып кетүүгө мажбур болуп жаткан Сириянын чырагына май таамп жатканы шексиз.

Дүйшөмбүдө эле АКШнын Мамлекеттик катчысынын өкүлү Сириядан Ливандагы аскерлерин алып кетүүнү талап кылган эле: "Сирия Ливандан кетиши керек. Ал Ливандан азыр кетиши керек. Курулай сөзгө, билдирүүлөргө жана талаш-тартышка убакыт калбай калды. Биз Сириянын сөздөн ишке өтүшүн күтөбүз" деп айтты Ричард Баучер.

Вашингтон менен катар Британия, Франция жана Германия да Дамаскиге кысым көрсөтө берээрин билдирип жатышат.

Арийне, Жакынкы Чыгыштагы бейкут төңкөрүштөрдүн дагы бири орун алып жаткан Ливанда "Алла-Тааланын партиясы" же "Хезбулла" алдыңкы планга чыкты. Ливандык шийилердин башын бириктирген бул партиянын он миңдеген колдоочулары 8-мартта Бейруттун көчөлөрүн бөгөп, шаардын борбордук аянтында Сирияны колдогон жана АКШга каршы ураандарды желбиретишти.

Тынчтык мүнөздөгү демонстрация Ливандын оппозициячыл партиялары күндө өткөрүп жаткан массалык митингдерден болгону 300 метр жерде орун алды. Негизинен христиандар, "Друзе" партиясы жана сунилерден турган оппозициячыл демонстранттар сириялык аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетүүнү талап кылышууда.

Бүгүнгө чейин Ливандын өкмөтү колдогон "Хезбулла" митинг, пикеттерге аралашкан эмес эле. Бирок партиянын жетекчилери сириялык аскерлер толук чыгарылса, Ливандагы Сириянын таасири АКШнын жана Израилдин таасири менен алмашаарын эскерткен билдирүүлөрдү жарыялашкан.

"Хезбулла" партиясы Дамаск менен жакшы мамиледе. Ошондой эле Иран менен катар Сирия өкмөтүн каржылаган негизги сүрөөнчүлөрдүн бири болуп саналат. Хезбулланын куралдуу бөлүктөрү бар, андан башка бир да фракция мынчалык катуу куралданган эмес.

Батыштын Сирияга кысымы өскөн сайын "Хезбулла" Сириянын каршылык көрсөтүүсүндөгү башкы оюнчуга айланышы мүмкүн. Ошондуктан партия тынчтык жол менен кетеби же куралдын күчүнө кайрылабы - Ливан кризисинин кай жакты көздөй багыт алаары ошого жараша болот.

Дамаскинин өкмөтү дүйшөмбүдө Ливандагы аскерлерин чыгыштагы Бекаа өрөөнүнө көчүрүп кетүүгө убада кылды, бирок алар Сирияга качан алынып кетээри мурдагыдай эле беймаалым.

XS
SM
MD
LG