Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

МАСХАДОВДУН ӨЛҮМҮ ЧЕЧЕНСТАНГА ТЫНЧТЫК АЛЫП КЕЛЕ АЛАБЫ?


Чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадовдун башы үчүн 10 миллион доллар сайган Москва анын өлүмүн жагымдуу жаңылык катары баалады. Орус бийликтери козголоңчулардын жолбашчысынын өлүмү Чеченстандагы аскерий аракеттердин аякташына жардам берет деген ишенимде. Анткен менен көз карандысыз аналитиктер мындан күмөн санашууда. Алардын пикиринде, Масхадовдун өлүмү чечен жаңжаалын саясий жол менен чечүү мүмкүнчүлүгүн азайтты.

Орусиялык аскерий өкүлдөр ырастагандай, Аслан Масхадов шейшембиде Чеченстандын Толстой-Юрт деген кыштагында Федералдык коопсуздук кызматынын күчтөрү тарабынан өткөрүлгөн атайын операция учурунда жок кылынды. Мындан бир нече күн мурда эле Аслан Масхадов "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна телефон аркылуу берген интервьюсунда Москва менен мунаса табууга мүмкүн деген ишеничте экенин айткан болчу:

-Биз бул согушту токтотуу, Орусия федерациясынын президентине чечен калкы эмнени кааларын түшүндүрүү, мен ал жада калса ушуну да билбээрине ишенем, жана Путиндин өзүнөн Орусия Чеченстанда эмнени көздөөрүн угуу үчүн жарым сааттык ачык жана көзмө-көз сүйлөшүү жетиштүү деп эсептейбиз. Ушуну сунуш кылганбыз жана кылып жатабыз.

Масхадовдун телефон аркылуу "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Түндүк Кавказ редакциясына берген бул интерьвюсу анын коомчулукка жасаган соңку билдирүүлөрүнүн бири болду окшойт. Буга чейин февраль айында Аслан Масхадов өзүнө караган күчтөргө ок атышууну бир айга бир тараптуу түрдө токтотууга буйрук бергенин жарыялап, орус президенти Путинди сүйлөшүүгө чакырган. Масхадовду сүйлөшүүгө татыксыз деп эсептеген Москвадан анын сунуштарына ачык жооп болгон эмес.


Эми орус бийликтеринин өкүлдөрү мурдагы чечен президентинин өлүмүн жагымдуу жаңылык катары мүнөздөштү. Маселен Мамлекеттик думанын спикери Борис Грызылов мындай дейт:

-Эл аралык масштабдагы террорчунун жок кылынышын баары тарабынан бирдей кабыл алынышы керек. Мунун натыйжасында жамандык аз болот.

Анткен менен аналитиктер орус бийлигинин көз карашын бөлүшпөйт. Алар Масхадовдун өлүмү менен Москва Чеченстанда сүйлөшүү жүргүзүүчү өнөктөштү жоготконун белгилешүүдө. Алардын пикиринде, Масхадовдун ага мураскор болчулардан эки чоң айрымасы бар эле.

Биринчиден 1997-жылы жалпы эл тарабынан шайланган президент катары анын бийлигин Чеченстанда көпчүлүк таануучу. Экинчи артыкчылыгы аны жаш курагы менен мурдагы советтик офицер экендигине. Аскерий маселелерге адистешкен москвалык аналитик Александр Гольц:

-Чечен козголоңунун легитимдүү акыркы лидери өлтүрүлдү. Экинчиден кандай караган күндө советтик аң-сезимдеги, советтик офицердин көз карашын карманган адам курман болду. Ал кээде ийгиликке жетип, кээде жетпесе да аяоосуз граждандык согуштун шартында жамандык менен жакшылыкты ушул көз караштан түшүнүүгө колдон келишинче аракеттенген адам эле.

Аналитиктердин пикиринде, Масхадов 1996-жылы биринчи чечен согушунун аякташына алып келген Хасавюрт тынчтык келишимине кол коюуп, легитимдүү өнөктөштүккө жарарын көргөзгөн. Эми чечен козголоңчуларына жетекчилик кылышы мүмкүн болгон Шамил Басаев жөнүндө минтип айта албайсың. Орусиялык саясий аналитик Андрей Пионтковски буларга токтолот:

-Чеченстанда бизге каршы ыкмалары гана эмес, маанилүүсү максаттары да айрымаланган эки топ күрөшүүдө. Масхадов Чеченстандын тиги же бул статусу үчүн күрөшкөн жикчилердин символу эле. Акыркы жылдары ага катар өз символу ирээтинде Шамил Басаевди эсептешкен радикал – исламчылар күчтөнө башташты. Аларды Чеченстандын статусу кызыктырбай калган. Ислам дүйнөсүндөгү өнөктөштөрү сыяктуу эле алар дүйнөлүк халифат, Батышты, аны бир бөлүгү деп санашкан Орусияны чөгөлөтүү идеясы үчүн күрөшүүдө. Масхадов Орусия үчүн татыктуу душман эле жана менимче татыктуу өнөктөш боло алмак.

Ал эми маркум Масхадовдун өкүлү, учурда Британияда сүргүндө жашаган Ахмед Закаев Масхадов чынында эле токтотуучу фактор болгонун, Чеченстандагы согуш эми күчөшү мүмкүн экенин айтат:

-Ыкмалар менен тактикалар өзгөрөбү? Ооба мен өзгөрөт деп чоочулайм. Кремлдин толугу менен негизсиз айыптарына карабай Масхадов токтотуучу фактор эле. Ал Орусиянын атайын кызматтарынын аракетине адекваттуу ыкмаларды колдонуу керек деп ойлошкон радикалдык маанайдагы күчтөрдү токтотуп турган. Эми азыр Масхадовдун курман болушу алардын мыйзамдуу негизде шайланган президенттин алдындагы кандайдыр бир моралдык милдеттемелерден бошотууда.

Ахмед Закаевдин, "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна билдиргенине караганда, Чеченстандын маркум Масхадов башкарган Мамлекеттик коргонуу комитети жакынкы күндөрү жыйналып, анын мураскорун дайындамакчы.

Орусиянын антитеррордук мыйзамдарына ылайык Масхадовдун сөөгү акыркы сапарга узатуу үчүн анын үй-бүлөсүнө берилбейт жана жашыруун жерге көмүлөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG