Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Н.ТАНАЕВ: "МЕНИН БАЛАМ ӨТПӨЙ КАЛДЫ, ЭМНЕ МЕН ЭЛДИ КӨТӨРҮШҮМ КЕРЕК БЕЛЕ?!"


Парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штаб 9-мартта премьер-министр Николай Танаевдин жетекчилиги менен жыйын куруп, анда өлкөдөгү кырдаал талкууланды. Өкмөт башчы өлкөдө кырдаал курчуп, демилгени оппозиция колго алып жаткан шартта министрлер жанын калкалап, төө куштай болуп башын катып жатат деп сынга алып, тилдеди. Танаевдин пикиринде мындан ары бийлик кырдаалды көзөмөлдөө үчүн чечкиндүү кадамдарга бармакчы.

Премьер-министр Николай Танаев 27-февралда өткөн шайлоону негизинен калыс болду, аны чет элдик байкоочулар да ырастады деди. Ошентсе да кээ бир аймактарда шайлоочуларды сатып алууга аракеттер болду, натыйжада атаандашы атаандашын сотко берип, эл ошондон улам толкуп, көчөгө чыкты. Николай Танаевдин айтымында, элдин толкундап, нааразылык көрсөтүп жатканына бийликтин кылдай да күнөөсү жок. «Соттун чечими менен шайлоодон четтилген талапкерлер элге туура эмес маалымат берип, шайлоочуларды көчөгө алып чыгып, мыйзам бузууларга барышты», деди премьер-министр.

Анын маалыматы боюнча көчөгө элди алып чыгып, жолду бууп, машинелерди өткөрбөй койгондорго иш козголуп, алар жоопко тартылмакчы.

Танаев беш-алты эле оппозиционер бүтүндөй мамлекеттеги саясатты жүргүзүп жатат, алар элди козутуп, бийликке каршы ураан-чакырык таштап, «президент Аскар Акаевди кызматтан кетсин!» деп жатканда башыңарды калкалап, элге чыкпай жатасыңар деп министрлерди катуу тилдеди. «Биз чагымчылыкка жол бербешибиз керек», деди Танаев.

Ал жеңилип калганын сезип жаткан айрым оппозиционерлер аны татыктуу тосуп албай, баардыгына бийлик күнөөлүү деген позицияда саясат жүргүзүп жатат деп, оппозицияны сынга алды.
«Жалалабатта Бакиевдин иниси чоң айырма менен утулуп калды, бирок ага да бийлик күнөөлүү деп жатышат, андай болсо менин балам да шайлоодо утулуп калды, мен эмне, элди көчөгө алып чыгышым керек беле!?», - деди Танаев.

Өкмөт башчы оппозицияны, анын ичинде мурда бийликте иштеген Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Ишенгүл Болжурованы катуу сынга алды. «Бакиев премьер-министр болуп иштеген, ал учурда анын колунан эмне иш келди эле?», деди Танаев.

Анын пикиринде эл Жалалабатта көчөгө бийликке чын ниети менен нааразы болгону үчүн эмес, оппозиция акча төлөгөнү үчүн көчөгө чыгып, беш күндөн бери тышта турушат.

«Жумушсуз адамдарга айрым бир сумманы төлөшөт, алар болсо көчөгө чыгышат, адамдарды ушинтип кемсинтип жатышат», - деди Танаев. Анын маалыматы боюнча ал өкмөт башчы катары мамлекеттик администрациялардын имараттарын катуу кайтаруу тууралуу токтомго жаңыдан эле кол койду. Анткени маалыматтар боюнча оппозиция 11-мартта Кыргызстандын бүтүн аймагында элди көтөрүп, бийликке баш ийбей, ага каршы чыгууга үндөп, кеңири масштабдагы нааразылык акциясын баштаганы турат.

«Ошентсе да биз эч кандай чагымчылыкка жана кагылышууга жол бербейбиз, Азыр бизден – бийликтен чагымчылыкты күтүп жатышат, биз ага барбайбыз», - деди Танаев. «Бул бийликтин алсыздыгы эмес, биз арты жаман окуялар болуп кетпесин деп, алдын алып жатабыз», - деп кошумчалады премьер-министр.

Ушул эле күнү Кыргызстан элдик кыймылы билдирүү жасап, өлкөдөгү кырдаалды бийлик көзөмөлгө алалбай калгандыктан, кыймыл жоопкерчиликти колго алууну чечкенин жарыялады. Ошондой эле кыймыл 10-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын өткөрүүнү колдой турганын билдирди. Кыймылдын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова Кыргызстан элдик кыймылы өлкөдөгү элдин толкундоосуна себепчи эмес экенин жана нааразылык акциясына чыккандарга акча беришпегенин «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди.

XS
SM
MD
LG