6 күндөн бери Жалалабат областык администрациянын имараты, 3 күндөн бери Өзгөн райондук акимчиликтин имаратында эл бийлик өкүлдөрү менен жолуга албай турушат. Ошто, Нарында областык акимчиликтин алдында нааразычылыкка чыккан элдер турат. Бийликтин айрым өкүлдөрү алар жадаганда кетишет дешсе, оппозиция өкүлдөрү президент бийликтен кетмейинче нааразычылык акциясы токтобойт дешет. Бул маселе Бишкек студиясында өткөрүлгөн "Бетме-бет" уктуруусунда талкууга алынды.
Кыяс Молдокасымов, Бишкек
Тектеш