Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

ТОКИО ОЙРОНДУУ ОКУЯНЫ ЭСКЕРДИ


Мындан алтымыш жыл илгери – 1945-жылдын 10-мартында америкалыктардын аскерий авиациясы Токиого абадан жапырык жасап, шаардын күлүн көккө сапырып салган эле. Көнөктөгөн бомбалардан сексен миңдей адам кырылган, алардын саны кийин жалпы эсепте жүз миңден ашкан. Өлкөнүн борбор калаасында ойрондуу ошол окуяны эскерген азалуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Бул окуяга багыштап буддист кечилдери Токиодогу эстелик комплексинде таат өткөрүштү. Ибаадатка Японияны дүйнөлүк экинчи согуштан бери бийлеп келаткан азыркы император Хирохитонун кичи уулу ханзаада Акисино катышты. Дал ушул эстелик комплекси орнотулган жер алтымыш жыл мурдагы аба жапырыкта майканы чыгып, күлү көккө сапырылып калган эле.

Ибаадаттан соң эки миңдей киши Уэно багындагы эстеликке таазим кылышты. Шаардын бир катар жерлеринде жыйындар болуп өттү. Алтымыш жыл мурдагы апаатты өзү көзү менен көргөндөр шаардын үстүнө көнөктөп бомба жааганын, бүткүл Токиону түн ичинде жанар тоодой жалбырттап өрт басканын, миңдеген кишилер тирүүлөй өрттөнүп өлгөнүн айтып беришти. Бирок алардын эч кимиси бул касирет-кайгы үчүн ким бирөөнү айыптаган жок. Болгону алтымыш жыл мурдагы алааматтар япондуктарды зобун-зомбулукту жек көргөн, согушту жектеген сезимге тарбиялаганын белгилешти.

1945-жылдын 10-мартындагы түнкү аба жапырыкка америкалыктардын ошо кездеги эң мыкты деп саналган 300 самолету катышкан. Жалпы эсепте шаарга 1700 тоннадан ашуун бомба ташталган. 270 миңден ашуун имарат кыйрап, Токионун кырк чарчы чакырым аянты тыптыйпыл күйүп, күлгө айланган. 10-мартка караган түнү эле, полициянын баштапкы отчетторунда камтылган маалыматтарга ылайык, бомба жапырыктан 84 миң киши кыргынга учураган, жарадар болгондордун санын эч ким тактаган эмес.

Кийин курман болгондор жалпы эсепте жүз миң адамдан ашкан. Апаат-азары жагынан Токиодогу аба жапырык Хиросимадагы атом бомбасынан ашып түшкөн дешет. Ошентсе да Нагасаки менен Хиросимадагы эскерүү каадаларына адатта азан-казан эл катышат. Токионун өзүндө ойрондуу бул окуяга арналып тургузулган бир нече эстелик, чакан музей жана комплекс бар. Муниципалдык мавзолейде бомба жапырыкта мерт болгон белгисиз адамдардын жасаттары чогултулган.

Токиодон мурдараак, 1945-жылдын февралында Германиянын Дрезден шаарына да ушундай алаамат жапырык жасалган. Союздаштардын аскери авиациясы бу шаарды жер менен жексен кылып, бомбалап салган.

XS
SM
MD
LG