Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

"ХЕЗБУЛЛА" – ТҮБӨЛҮК ДУШМАНБЫ, ЖЕ...


"Хезбулла" же "Алла-таала партиясы" ушул аптада Бейрутта жүз миңдеген адамдар катышкан демонстрация өткөрүп, эл аралык коомчулукка өз күчүн, салмагын көрсөтө алды. АКШ баштагыдай эле Ливандык шийилер партиясын террористтик уюм деп эсептейт, бирок байкоочулардын баамында "Хезбулла" соңку жылдары мазмун-максатын бир аз өзгөртүп, ага карата Батыштагы көз карашта да айрым жылыштар пайда болду.

1982-жылы жаңыдан түзүлгөндө "Хезбулла" уюму өзүн Кошмо Штаттар менен Израилдин келишпес душманы атаган. Ливандык шийилер эң ириде Израилдин баскынчылыгына каршы биригишкен, "Хезбулланы" ал тапта Иран өкмөтү ар тараптан колдоп-таяп турган. Андан бери хезбуллачылардын максаты түп-тамырынан өзгөрүп кеткен жок. Алар азыр да Израилге чагым салуу аракеттерин улантууда, Вашингтон 1983-жылы Бейруттагы аскердик казармада америкалык 241 жоокердин өмүрүн алган бомба жардыруусун дал ушул уюм уюштурган деп күнөөлөп келатат.

Бирок соңку жылдары саясий жана аскердик эки бутактан турган Ливандык шийилердин партиясы акырындап социалдык-саясий багытына көбүрөөк көңүл бура баштаганы байкалат. Кантсе да, "Хезбулла" жөн жерден Ливандын калкынын 40%ын түзгөн шийилер арасында эң кадыр-барктуу уюм болбосо керек. Анткени хезбуллачылар Ливандагы мектеп, оорукана, айыл-чарба тармагына жардам көрсөтүү жаатында көп иштерди жасады. Ошондой социалдык ишмердиги аркылуу саясий таасирин күчтүндүрүп отуруп, ушу тапта Ливан парламентиндеги 13 орун "Хезбулланын" мүчөлөрүнө таандык.

Лондондогу Падышалык институттун аналитиги Тури Мунти шейшембиде хезбуллачылар Бейрутта өткөргөн демонстрация бул уюмдун өлкөдөгү таасирин далилдегенине басым жасайт.

- Ал күнү дегеле буга чейин болуп көрбөгөндөй эбегейсиз сандагы элдин көчөгө чыкканы – дүйнө жүзүнө Ливан чынында биз ойлогондон алда канча татаал аймак экенин көрсөттү. Мен оппозициячылардын мындай сандагы тарапкерлерин дегеле көргөн эмесмин, - дейт Лондондук аналитик.


"Хезбулла" уюму бул демонстрацияны Ливандан Сириянын аскерлерин чыгарууга каршы уюштурду. Сириядан Ливандагы 14 миңдей аскерин алып кетүү талаптары өткөн айда Бейрутта өлкөнүн экс-премьер-министри Рафик Харири бейажал каза тапкандан тарта улам өктөм айтыла баштаган. Маркум Харири – Сириянын Ливандагы аскердик аракеттерине каршы көз караштагы саясатчы эле.


Вашингтон "Хезбулла" уюмун террористтик кыймыл деп эсептейт. Бирок Ливандык шийилердин партиясынын ишмердигинде байкалган айрым саясий-социалдык өзгөрүүлөр АКШга да акырындап таасир эте баштаган өңдүү. Айтор, "Нью-Йорк Таймс" гезити бейшембидеги санында: "Кошмо Штаттар "Хезбулла" уюмун Ливандагы кырдаалды татаалдаштырган башкы күч деп эсептесе да, азыркы тапта аны менен караманча касташуу пайдасыз, андан көрө хезбуллачыларды Ливандагы шайлоого катыштыруу максатка ылайык деген Франция жана башка Европалык өлкөлөрдүн пикирин негизинен жактайт" деп жазып чыкты.

Макаланын автору Стивен Вейсман Франциянын ырасмий өкүлдөрү "Хезбулла" мурдагы террористтик терисин чечип таштап, эми саясий багытка өттү деген көз карашка ыктай баштаганын кабарлайт.



Эл аралык кризис тобунун Бейруттагы өкүлү Рейнуд Лендерс атүгүл Вашингтон Ливандык шийилердин уюмун 1980-жылдардагы кандуу аракеттери үчүн мындан ары кектебей турганын кепилдесе эки тарап үчүн тең пайдалуу болмок деген пикирде.

Андай күн келгенче качан, анткени "Хезбулла" дагы эле өзүн – Израилдин элдешкис душманы деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG