Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

ЭЛ БИРИМДИГИНИН КООРДИНАЦИЯЛОО КЕҢЕШИ ТҮЗҮЛДҮ


Азиза Турдуева, Бишкек 10-мартта Кыргызстандын оппозициялык жана патриоттук күчтөрүнүн «Эл биримдиги» координациялык кеңеши түзүлдү. Анын башкы максаты: өлкөдө түзүлгөн оор саясий кырдаалдын шартында элдин кыймыл-аракеттерин координациялоо.

Кыргызстан эл биримдиги координациялык кеңешинин түзүлгөндүгүнүн себептери жөнүндө анын төрагасы, Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасы Курманбек Бакиев мындай дейт:

- Мына канча күндөн бери эл нааразылык билдирип, жумалап, көчөдө отурат. Бийлик анын ал-абалын, эмне себептен чыгып жатканын сурап койгон жери жок. Эл бизге кайрылып жатат: бизди ким-бирөө башкарабы деп. Бизге Нарындан, Таластан, Көлдөн, Жалалабаттан, Оштон, башка жерлерден кайрылып жатышат. Бийлик көңүл бурбагандан кийин, жок дегенде биз көңүл буралы, элдин мүдөөсүн ишке ашыруу боюнча координациялык иштерди жүргүзөлү деп, ушундай координациялык кеңеш түздүк. Президент Аскар Акаев отставкага кетиши керек. Ал Конституциянын гаранты катары өзүнүн милдетин аткара алган жок .

Кеңештин башкы максаты – өлкөдө түзүлгөн оор саясий кырдаалдын шартында жер-жерлерде нааразылык акцияларга чыгып жаткан миңдеген атуулдардын кыймыл-аракеттерин координациялоо. Эл биримдиги координациялык кеңешинин штаб жетекчиси Азимбек Бекназаровдун билдиргенине караганда, бийлик мындан ары атайын нааразылык акцияларды уюштуруу аракеттерин жумшайт:

- Бизде маалыматтар бар. Премьер-министр жер-жерлерде пикеттерге чыгып жаткандарга каршы нааразылык акцияларды уюштурууну тапшырды. Эртең да ушундай массалык акцияны бийлик уюштурушу мүмкүн. Ошондуктан, биздин башкы максатыбыз – элди эл менен кагыштырууга жол бербөө.

9-мартта өкмөт башчы Николай Танаев жыйын өткөрүп, министрлерди оппозиция тарабынан уюштурулуп жаткан чагымга каршы чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырган.

Эл биримдиги координациялык кеңеши элдин өлкө башчысы Аскар Акаевди кызматынан кетирүү, мөөнөтүнөн мурда президенттин шайлоо өткөрүү, 17-февралдагы жана 13-марттагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу, алты айдан кийин өлкөдө парламенттик шайлоо өткөрүү талаптарын ишке ашыруу боюнча аракеттерин координацияламакчы.

Ал эми айрым саясатчылардын пикиринде Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр элдин аракеттерин коодинациялоого дарамети жете элек деген пикирде. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов мындай дейт:

Менин пикиримде, биздин оппозициянын азыркы кырдаалда элдин кыймыл-аракетин координациялоого деңгээли жете элек. Анткени, азыр оппозициянын биримдиги жок, бытыранды, жетектөө мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз. Менимче, оппозициянын элдин аракеттерин координациялайбыз дегени туура эмес.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубанычбек Жумалиевдин пикиринде, өлкөдөгү оппозициянын башкы максаты бийликке жетүү болгондугу үчүн ушундай кадамдарга барып жатат:

- Оппозициянын башкы максаты: кандай жол менен болбосун бийликке жетүү. Ошондуктан алар парламенттик шайлоого байланыштуу орун алган айрым жерлердеги нааразылык акциялардан пайдаланып жатышат. Ал эми Жалалабатта, Өзгөндө мамлекеттик администрацияларды ээлеп алуу –мыйзамсыз аракеттер. Оппозициянын бийлик башкара албай калды деп айтканы негизсиз. Бийликтин күчү жетиштүү. Биздин идея - күч колдонбой, сот чечимине ылайык иш алып баруу.

Координациялык кеңештин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, эл бийликтин мыйзамсыз аракеттерине нааразы болгондуктан, массалык түрдө чыгып жатат:

- Эл эмне үчүн чыгып жатат? Анткени, калктын 90 пайызы жакырчылыкта жашап атат. Президент Аскар Акаевдин башчылыгындагы бийлик кечирилгис кылмыштарды жасашты. Алар Аксыда алты адамды атышты, кыргыздын ыйык жерлерин сатышты, мамлекеттик казынаны тоношуп, миллиондогон акчаларды өздөрүнө алып алышты. Ал эми парламенттик шайлоонун адилетсиз, мыйзам бузуулар менен өтүшү элдин нааразылык чараларга чыгышына себеп гана болуп калды.

Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасы Курманбек Бакиевдин пикиринде мындан ары оппозициялык күчтөр биримдүү болот:

- Эгерде буга чейин, оппозицияга карата биримдиги жок деген пикирлер айтылып келсе, бүгүндөн тарта мындай болбойт. Биз бүгүн ачык сүйлөштүк, мындан ары биз бирдиктүү иштейбиз. Биз баарыбыз бул бийлик менен таза парламенттик шайлоону өткөрө албайбыз. Менин пикиримде, оппозициянын күчү биригип, күчүбүзгө күч, демибизге дем кошулат. Анткени эл, көпчүлүк эл биз тарапта болуп жатат .


Жакынкы күндөрү Эл биримдиги координациялык кеңешинин алдында штаб түзүлөт. 10-мартта координациялык кеңештин мүчөлөрү Жалалабат, Нарын, Талас, Ош облустарына жол тартышты. Алар жер-жерлердеги нааразылык акцияларды координациялоо иштерин жүргүзө башташат.

XS
SM
MD
LG