Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

ГЕНЕРАЛ БАГЫНЫП БЕРДИ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ушул жума Гаагадагы эл аралык трибунал үчүн адаттан тыш апта болду. Сербиянын Косово провинциясынын өкмөт башчысы Рамуш Харадинай Гаагадагы трибуналга өзү багынып берди. Дүйшөмбү күнү болсо трибуналга серб генералы Момчило Персич жеткирилген. Гаагада азыр согуш кылмыштарын жасады деп айыпталып аткан 50дөй киши сотун күтүп жатышат.

Косоводо шейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө автономдуу провинциянын өкмөт башчысы Рамуш Харадинай Гаагадагы трибуналга өз ыктыяры менен багынып берип жатканын мындайча түшүндүрдү:

- Менин эч кандай күнөөм жок, мен өкмөт башчылык кызматтан ошон үчүн кетип, эртең Гаагага жол тартканы турам. Мен муну Косовонун көз карандысыздыгына огожо болуу үчүн жасадым.

Этник албандар отурукташкан провинция ушул жылы Сербиядан толук көз карандысыз болуу максаты менен сүйлөшүүлөрдү баштоого үмүттөнөт. Ал максатка жетүү чөлкөм жетекчилигинин Гаагадагы эл аралык трибунал менен согуш кылмышткерлерин жоопко тартуу маселесинде толук кызматташуусу абзел. Харадинай «Косоволук албандарды боштондукка чыгаруу» армиясында жетекчи ролду ойногон. Ага кандай айып койулуп жатканы азырынча жарыялана элек.

Акыркы эле айларда Сербия менен Босниялык сербдердин алты офицери Гаагадагы трибуналга жеткирилди. Бул эл аралык коомчулуктун жана Еврошаркеттин кысмагынын натйжасында мүмкүн болду. Анткени шаркет уюмга мүчө болуп кирүүнү же аны менен алакаларды өрчүтүүнү каалаган Хорватия, Сербия жана Босния-Герцоговина сыяктуу өлкөлөргө сүйлөшүүлөрдү баштоодон оболу мыйзамдуу жазадан качып жүргөн согуш кылмышкерлерди Гаагадагы трибуналга өткөрүп берүү талабын койгон.

Бирок Гаагадагы трибуналдын ишинин натыйжалуулугу күнөөлүүлөрдүн айыбы мойнуна коюлуп, алардын мыйзамдуу жазага тартылуусуна жараша болот. Югослав президенти Слободан Милошевич трибуналдын алдында жооп берип жаткан айыпкерлердин эң көрүнүктүүсү. Анын 2002-жылы февраль айында башталган сот иши ушул күнгө чейин уланууда. Маанилүү айыпкерлердин дагы бирөө - 1997-2002 жылдардын аралыгында Сербиянын президенти болгон Милан Милютинович. Милошевичтей эле ага адамзатка каршы кылмыш кылган, Косоводогу согуш учурунда согуш эрежелерин бузган, деген кине коюлууда.

Жазага тартылгандардын ичинде мурдагы Югославиянын курамындагы Сербия жумуриятынын президенти Бильяна Плавсич бар. Соттун 2003-жылы чыгарган өкүмү менен Плавсич 11 жылга эркинен ажыратылып, азыр Швециянын түрмөсүндө жазасын өтөөдө.

Трибуналга Босниялык сербдердин согуш учурундагы аскердик жана саясий лидерлери Радован Карачич менен Ратко Младич азырынча трибуналдын колуна тийе элек жатат. Улуттар Уюмунун Согуш кылмыштар боюнча прокурору Карла Дель Понте аларды колго түшүрүү азыр өтө маанилүү маселе болуп турганын мындайча белгиледи:

- Мен бул маселени эл аралык коомчулуктун алдында кабыргасынан койуп жатам. Ушул жылдын соңуна чейин Карачич менен Младичти кармап, трибуналга жеткирүү керек. Анткени эгерде мен ал экөөнү тең быйыл колго түшүрө албасам, алардын ишин 2008- жылдын соңуна чейин карап бүтүү кыйын болот. Эгерде Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши бул датаны өзгөртпөсө, Карачич менен Младичтин ишин Гаагада карап, чыга албай калабыз ,-деди Карла Дель Понте.

Карла Дель Понтенин мындай билдирүүсүнө оптимисттик аваз кошкон бир жагдайды айта кетели. Ушул жумада Боснияда Сараево шаарында Балкандагы согуш кылмыштары менен арпалыша турган алгачкы сот ачылды. Ал Гаагадагы соттун ишин жеңилдетип, бир катар иштерди кароону өзүнө алмакчы.

XS
SM
MD
LG