Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

АКШ МЕНЕН ЕВРОПА ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ДОЛБООРУН ТОКТОТУУ БОЮНЧА БИРГЕЛЕШИП АРАКЕТТЕНЕТ


Кошмо Штаттар менен Европа Биримдиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча орток мамилеге келип жатканы кабардалууда. «Нью Йорк Таймс» жана «Вашингтон пост» гезиттеринин жазышынча, расмий Вашингтон Иранга анын өзөктүк долбоордон баш тартуусу үчүн экономикалык жактан кызыктыруучу долбоорду сунуштоого даяр, ал эми Европа Биримдиги болсо Ирандын өзөктүк долбоору жаатында Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине өз тынчсыздануусун билдире турган болду.

Иранды кызыктыра турган америкалык сунуштардын арасында Ирандын Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчөлүккө өтүү тууралуу арызына колдоо көрсөтүү кадамы бар экендиги айтылууда. Ошондой эле Ирандын эскирип калган жүргүнчү учактарынын тетиктерин алмаштыруу үчүн ага сырттан тетиктерди сатып алууга уруксат кылуу жагы да каралууда.

Бирок бул жана башка сунуштар бир гана шарт менен аткарылат: расмий Тегеран өзөктүк отун алуу үчүн уранды байытуу программасын толук токтотууга тийиш.

Бейшембиде АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс АКШ менен Европа Биримдигинин Ирандын өзөктүк долбоору боюнча көз карашы бири-бирине кыйла жакындап калганын баса белгиледи:

- Биз Европадагы шериктерибиз менен Ирандын өзөктүк долбоору боюнча кантип бирдей эле мүдөөнү тута алаарыбыз жаатында иш алып баруудабыз… Менимче, кыйла жылышка ээ болдук, бул жаатта чукул арада бир жыйынтыкка келе алабыз деп ойлойм.

Иран өкмөтү болсо азыркы өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн айтып келет.

Европа Биримдиги Иранды бул долбоорунан баш тарттыруу үчүн аны коркутпастан, ийитүү керек деп санап, дипломатиялык аргаларды караштырып келди. Ал эми Кошмо Штаттар буга чейин мындай кадамдарга баргысы жок болчу. Франция, Германия жана Британия сыяктуу өлкөлөр мындай усулдарга Кошмо Штаттар да барууга тийиш, болбосо жалаң гана европалыктар жүргүзгөн экономикалык жактан жеңилдик берүү саясатынан майнап чыкпайт деп келишкен.

Деги, Кошмо Штаттар да Тегеранды ийитүү жолуна түшсө, Иранды өзөктүк долбоордон баш тартууга көндүрүү мүмкүнбү?

Тегерандык профессор Пирус Мужтахидзаде АКШнын сунуштары Иран өкмөтүн оңой менен ийитпейт ко деген ойдо:

- Эки-үч апта мурда өзөктүк долбоор боюнча сүйлөшүүгө катышкан ирандык өкүл мындай деп айткан эле: «Улутубуз мындай кадамга барууга бизге уруксат бербейт». Ушундай эле маанидеги макалалар бир нече ай мурда тегерандык гезиттерге байма-бай жарыяланган. Уранды байытууну токтотуу кадамы калайыкта өлкөгө карата чыккынчылыкка тете бааланмакчы.

Ал эми лондондук адис Хажир Теймуряндын оюнча, Кошмо Штаттар Иранды экономикалык жактан кызыктыруу кадамына Европа Биримдигин өзүнө Иран саясаты жаатында имерүү үчүн да барып жатат:

- Башкача айтканда, эгерде Иран уранды байытуу жаатындагы мүдөөсүнөн эч кайтпай турган болсо, анда европалыктар, америкалыктардын ушундай анча-мынча гана колдоосуна жетишүү менен, Ирандын өзөктүк долбоору тууралуу маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде козгоого макул болду.

Европа Биримдигинин жогорудагы үч өлкөсү, эгерде Тегеран Эл аралык өзөктүк кубат агенттиги менен кызматташпай турган болсо, анда Иранга карата экономикалык жаза колдонуу маселесин Бириккен Улуттар Уюмунда козгоп чыгууга макул экендигин жума күнү билдиришти.

Айрым серепчилердин оюнча, июнь айындагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкмайынча, расмий Тегеран өзүнүнг өзөктүк программасы тууралуу тийешелүү чечим кабыл алууга ашыкпасы да ыктымалдан алыс эмес.

XS
SM
MD
LG