Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:11

ЭЛ АЛДЫДА, БИЙЛИК - ОППОЗИЦИЯ АРТТА


Парламенттик шайлоонун экинчи сыноосу алдында Кыргызстанда канжол тосмой, акимчилик имараттарын ээлеп алуу, миңдеген адамдар чогулуп бийликке нааразылыгын ачык билдирүүсү көнүмүшкө айланып баратат. Кырдаалдын минтип кескин курчуп кетишин бийлик, анын каршылаштары деле күткөн эмес. Күтүлгөн түстүү ыңкылап элеттен башталат окшоп калды.

Шайлоо көз будамайларына нааразы болбогон айыл-кыштак, шаар эли ушу тапта Кыргызстанда аз эле калды окшойт. Сабырдуу тынч делген Сары өзөн Чүйдө да эки күндөн бери жол тосмой, жыйын өткөрмөйлөр арбып, жалаабаттыктардын аракетин колдогон кеп-сөздөр арбын айтылууда. 12-мартта «Эл биримдиги» координациялык кеңешинде өткөн маалымат жыйынында белгиленгендей, элдин нааразылыгы күчөгөндөн күчөп, өлкө кысталыш кырдаалга капталып турат.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон калктын минтип жабыла каршы чыгарын бийлик менен оппозиция күткөн эмес чыгар. «Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчи орунбасары Абдыжапар Тагаев чынында да бул ирет калк көрөгөчтүгүн көрсөтүүдө дейт.

- Элден билерман, элден акыйкат ким бар? Азыр демилге кимден чыгып атат? Элден чыгып атат. Бүгүнкү күндө бийлик биз жакшы жолдо турабыз деп, ишеним менен турушат. Ал эми оппозицияда болсо ар түрдүү ой болуп жатат. Ошон үчүн ал артта калып жатат. Баары бир ойдон чыкканда артта калбайт эле.

Парламент депутаты Алымбай Султанов жаңы шайлоо бийлик камчысын чапкандар менен капчыгы калыңдарга жол ачты деген пикирде.

- Бийлик да, оппозиция да алдыга кетип калды же артта калып калды, эл алдыга кетти же артта калды дегенден мен алысмын. Себеп дегенде, республиканын эли акыркы болуп аткан окуялардан толук кабардар эмес, маалыматсыз калып отурат. Мисалы, кээ бир гезиттерди жабабыз деп атышат. «Азаттыкты» болсо жаап бүтүштү. Мамлекеттик телекөрсөтүү болсо үй-бүлөлүк телекөрсөтүү болуп калган. Мен шайлоого катыштым. Мен шайлоодо уткуздум. Бирок мен өзүмдү уткуздум деп эсептебейм. Шайлоодо ошол талапкерлер уткан жок. Шайлоодо өкмөт, президент баш болуп, өкмөт башчы кошулуп мени утуп алышты.

Калктын нааразы болушуна шайлоонун адилет өтпөгөнү тек себеп болуп берди. Парламент депутаты Эркин Бөлөкбаевдин пикири боюнча:

- Бийлик элди алдап жатыр. Гезиттен, телекөрсөтүүдөн калп сөздөрдү айтышууда. Эми эл алдыга кеткени менен абдан кыйналып турган чагы. Оппозициянын болсо элди түшүндүрүүгө чамасы келбей жатат.

Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун ырасташынча, шайлоонун адилет өтүшү үчүн кыргыз бийлиги мүмкүн болгондун баарын жасады.

- Таза шайлоо өткөрүш үчүн колдон келгендин, келбегендин да баарын жасадык, мындай айтканда. Андан башка толуп аткан компьютер, дүйнөдөн болгон тажрыйбанын баарын бул жерге алып келип топтодук. Аны баарыңар жакшы билесиңер.

Кыргызстан элдик кыймылы жетекчисинин орунбасары Ишенгүл Болжурова оппозиция эл менен бирге болууда, ошондуктан аны артта калды деп айтыш натуура деген ойдо:

- Жалалабаттыктар наркы, баркы, арнамысы үчүн көтөрүлгөндөн бери патриоттук күчтөр алар менен чогуу болуп атат. Алардын арасында. Биз артта калган жокпуз. Тиги финишке эл менен чогуу жетебиз. Ал эми бийлик болсо, ошолор артта калды.

Буга чейинки парламент шайлоодо деле нааразылыктар чыгып, атүгүл 2000-жылы Каарабуура менен Кадамжайдан келген шайлоочулар жай бою Бишкекте пикетте турганы элдин эсинде. Бул ирет нааразылык жаамы өлкөнүн кыйла жерин каптап, жөө жүрүш, канжол тосмой, акимчилик имараттарын ээлеп алуу Сары өзөн Чүй, Көл, Нарын, Ош, Жалалабатты кучагына алууда. Алдагыдай кысталыш чакта кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү айтылуу «Алга» футболдук команданын оюнчулары менен мелдеш өткөрүүгө камданып жатты эле, жамгыр тоскоол болуп кызык мелдеш өтпөй калды.

XS
SM
MD
LG