Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

БИЙЛИК ДЕМИЛГЕНИ ОППОЗИЦИЯГА ШЫЛТАП, ӨЗҮН АКТАП ЖАТАБЫ?


Президент Акаев мөөнөтүн узартуу үчүн референдумга барабы? Бул маселе кайрадан коомчулуктун талдоосуна түштү. Маселенин көтөрүлүшүнө бул ирет президенттин маалымат катчысынын акыркы билдирүүсү негиз берди.

Президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев жума күнү уюштурган маалымат жыйынында Кыргызстандагы оппозиция президент Аскар Акаевди кайрадан элге кайрылууга мажбурлап жатат деп билдирди. Анын айтымында:

- Президенттин кызматтан кетиришин талап кылган адамдар президенттин өз укугун бекемдөө үчүн элге кайрылсын деген максат менен мамлекет башчыга кысым көрсөтүү аракетин кылып жатышат. Мен маалымат катчы эмес, жөн эле адам катары оппозициянын бул талабын азыркы президентке кезектеги референдум өткөрүү, укугун бекемдөө үчүн жасалган белек катары санайт элем.

Президент референдум өткөрүү ою жогун, бул Акаев менен эч бир келишкиси келбеген оппозициянын чыгарганы экенин 27-февраль күнү добуш берүү учурунда билдирген:

- Бул оппозициянын демилгеси. Алар президент Акаев менен эч келишкилери жок. Ошондуктан, Конгрессмендердин колу аркылуу президенттик орунду жойгулары келет. Мен ушундай түшүнөм. Анткени, азыр Конституцияны парламенттик башкарууга карай гана өзгөртүүгө болот. Мындан башка жол жок.

Буга чейин мамлекет башчы өзүнүн келерки мөөнөткө барышына мыйзам жол бербей тургандыгын бир нече жолу айтканы бар.

Бирок, оппозиция президенттин бийликти өз каалоосу менен өткөрүп берерине ишенген жери жок. Айрыкча расмий бийликке ыктаган саясий күчтөрдүн парламенттик шайлоо учурундагы батыл аракеттерин Аскар Акаевдин мөөнөтүн узартуу камылгасы менен байланыштырган оппозиция эки күн мурда Акаевдин кызматтан кетишин талап кылды.

Оппозициячыл саясатчылардын пикиринде президент Акаев 2005-жылкы президенттик шайлоого барбай тургандыгын, бийликти конституциялык тартипте өткөрүп берерин так кесе айта элек. Ошондуктан, алар бийликтин камчысын чапкан парламенттик көпчүлүк аркылуу президент Аскар Акаев мөөнөтүн өз ордуна жакындарын даярдаганга чейин дагы бир-эки жылга узартышы мүмкүн дешет. Бул божомолду президенттин маалымат катчысынын билдирүүсү дагы бир ирет ырастагандыгын Кыргызстан элдик кыймылынын тутумундагы «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров билдирди:

- Сегизбаев булар эки жылдан бери жыландын абышн көрсөтүп келаткан нерсенин башын чыгарып атат, президенттин укугун жылдыруу, мөөнөтүн узартып алуу боюнча. Эгер президент референдумга бара турган болсо мөөнөтүн узартып алуу боюнча гана барышка туура келет.

Оппозициячылар ошондой эле «референдум - оппозициянын демилгеси» деген байма-бай билдирүүлөр бийликтин каалоосун актай турган шылтоо дешет.

Анткен менен талдоочулар президенттин келерки мөөнөтүнө байланыштуу көтөрүлгөн маселени ар кыл өңүттө талдоого алууда. Айрым талдоочулар улуттук деңгээлдеги жаңы лидер азырынча чыкпай жатканын айтышат. Мындай көз караштагылар Акаевдин кызыкчылыгындагы демилгелерди колдошот. Андайлардын катарына президенттик мөөнөтүн узартууну жактап эки жылдан бери 200 миңден ашык кол чогулткандыгын жарыялаган «Элим менен, элим үчүн» фонду бар.
Бул демилгени, дегеле бийлик узартуу максатын көздөгөн референдумду демократиялык коомдун принциптерине каршы келет деген талдоочулар болсо Кыргызстандын бийлиги мындай кадамга барса, анда шайлоо механизминен биротоло баш тартууга, авторитаризмге же тоталитаризмге ыктоого туура келет дешет. Саясат таануучу Мирлан Казакбаевдин пикиринде жеке Кыргызстанга эле эмес, бүтүндөй постсоветтик регионго эл аралык коомчулук көз салып турганда Акаев бийлигин узартууга батынбайт:

- Менимче, ал элден эмес, биринчи кезекте Батыш институттарынан коркот. Анткени, Батыш, анын ичинде Америка институттары референдумду эмес, парламенттик, андан кийин президенттик шайлоону каалап жатышат. Кыргызстан элин айтпаганда да, референдумду Батыш тааныбайт.

Марат Казакбаевдин божомолунда, эгер, Кыргызстан эл аралык коомчулукка берген убадасына туруп, бийликти демократиялык принциптердин чегинде алмаштырбаса, экономикалык чектөөлөргө кабылып, «Демократиялык аралча» деген атынан биротоло кол жууйт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG