Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

ОШТОГУ НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН САНЫ БИР КЫЙЛА КӨБӨЙДҮ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 12-март күнү Ош облустук акимчилигинин алдындагы нааразылык акциясынын катышуучуларынын саны, Дүйшөнкул Чотоновдун билдиргенине караганда, жети жүз адамдан ашты. Алар бүгүн Ош облустук мамлекеттик акимчилигинде иштеп жаткан вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиевдин эл алдына чыгуусун жана губернатордун 11-март күнү айткан убадаларынын жыйынтыгын талап кылышты. Аталган бийлик өкүлдөрү эл алдына чыгышып тиешелүү жоопторун бере алышкан жок.

12-март күнү нааразылык акциясына келип кошулган адамдардын агымынын бир кыйла көбөйгөндүгү байкалды. Президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү боюнча облустук штабдын башчысы Дүйшөнкул Чотонов үч күндүн ичинде ар кандай тоскоолдуктарга карабастан Карасуудан, Өзгөндөн жана шаардын өзүнөн үч жүзгө жакын адам келип кошулгандыгын маалымдады:

- Биздин максатыбыз ушул имараттын ичине жулунуп, талкалап кирип барып отуруп алыш эмес, биздин максатыбыз ушул имараттын ичинде отургандарды таза адамдар менен алмаштырыш. Мына үчүнчү күнү митингде турап атабыз. Катарыбыз күндөн күнгө көбөйүүдө. Бул жерге шаардын, райондордун, облустун ар бир булуң-буручтарынан чыныгы патриоттор келип атат. 13-март шайлоодон кийин баарыбыз келебиз деп кетип атышат.

Түшкө жакын нааразылык акциясынын катышуучулары вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиевдин жана губернатордун эл алдына чыгып, атуулдардын суроолоруна жооп берүүлөрүн талап кылышты.

- Кубанычбек Жумалиев менен Оштун губернаторун жана президенттин өкүлүн чакырып атабыз. Алар элдин алдына чыгып өзүнүн пикирин, чечимин айтсын. Кечээ чыгып өзүлөрү биз койгон чечимди эртең даяр кылабыз деп айткан. Азыр алар чыкпай турат - деди президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү боюнча нааразылык акциясына катышып жаткан өзбек улутунун өкүлү Максүт Маматазизов.

Вице-премьер министр жана губернатор элдин алдына чыкпай коюшкан соң, нааразылык акциясынын катышуучулары Ош облустук ички иштер башкармасынын башчысы Алмабек Байтиковдун эл алдына чыгуусун жана эмне себептен казан-аяк, тамак-ашты борбордук аянтка киргиздирбей жаткандыгын түшүндүрүп берүүсүн талап кылышты. Бирок облустун баш милициясы элдин суроосуна жооп берүүдөн карманча баш тартты:

- Мен эмне аларды ушул жерге чакырптырмынбы. Ачка болсо үйүнө барып тамак ичишсин. Үйгө кетем десе мен бекер, акысын төлөбөй эле автобус уюштуруп, үйүнө жеткирип берем, - деди Ош облустук ички иштер башкармасынын башчысы Алмабек Байтиков.

XS
SM
MD
LG