Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ПИКИРЛЕР


Парламенттик шайлоонун экинчи сыноосу жыйынтыкталып калды. 75 округдун үчөөндө кайталап добуш берүү 20-мартта өткөрүлмөкчү. Кочкордо кайра шайлоо болор-болбосун сот аныктамакчы. Анткен менен көпчүлүк жерлерде кайсы талапкер депутаттык мандатка ээ болору аныкталып калды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев бийлик үчүн таймаш кемчиликсиз болбойт деген пикирде:

- Бурмалагысы эле келген кишилер болбосо шайлоо ачык болду, шайлоо калыс болду. Мен добуш берүүнү уюштуруу, добуш берүүнүн жыйынтыгын айтам. Кээ бир мыйзам бузуулар жалпы шайлоонун ар бир участок боюнча жыйынтыктарына таасир эте алган жок.

Ушуга үндөш ойду Кыргызстан эли ассамблеясынын байкоочулар штабынын жетекчиси Светлана Пак да билдирди:

- Белгилеп коюучу жагдай, сурамжыга жооп берген шайлоочулар үгүт иштери жүргүзүлгөн чакта жана шайлоо маалында эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугун айтышты. Шайлоочулар тизмесин түзүүдө айрым мүчүлүштүктөр кетирилгени белгиленди.

№1 Университет шайлоо чөлкөмүндөгү добуш берүүнүн кандай жүргөнүнө байкоо жүргүзгөн «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын ырасташынча, бийлик кимди кантип, кандайча өткөрүүнүн камын мурда эле көрүп койгон экен.

- Мурункудай топ-топ болуп кирип же бурмалап ийүү, болбосо эсеп жүргүзүп атканда бүлетенди уурдай коюп деген оркойгон одонолуктар көрүнбөгөнү менен булар абдан айлакер, абыдан амалдуу жолду тандап алышыптыр. Атайын даярдалган. Ушундай кысым алдында шайлоо өттү. Топ-топ кылып ошол жерде ичара бөлүп коюптур. Эртең менен саат он экиге чейин жергиликтүү жашоочулар келип добуш беришти. Андан соң он экиден саат экиге чейин университеттин студенттери келип добуш беришти. Андан кийин техникумдуку, андан соң окуу жайлардыкы. Ошол студенттердин бардыгын декан менен орунбасарлары коштоп келип атты.

Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Виктор Черноморец «таза шайлоо» деген сөз күлкүңдү гана келтирет дейт.

- Мындай булганч шайлоону мен мурда көргөн эмесмин. Саясатта жүргөнүмө кыйла жыл болду. Шайлоо ишин жакшы эле билем, 3 ирет Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп, ошончо ирет Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болгомун. Мындай ыплас шайлоо Кыргызстанда өткөн эмес эле. Мен жакында эле түштүктөн келдим. Жалалабатта, Майлысууда болдум. Майлысууда шаар башчысы өзү чуркап жүрөт «бийлик тарабындагы талапкерге гана добуш бересиңер» деп. Шайлоочуларга өктөм сүйлөп турганын көргөн соң кантип таза шайлоо деп айталасың.

Парламент депутаты Алевтина Проненко бул шайлоодо бийлик жеңишке жетти деп эсептейт:

- Менин оюмча, бул ирет президент менен бийликтин мөрөйү үстөм болду. Алар колунан келгендин баарын жасашты. Баарын жымыйтып, таптаза жасашты, анысынан оппозиция кылдай кыйкым таба албайт. Эл үчүн буга чейин болбогон ыплас шайлоо өттү. Себеп дегенде, калк буга чейин акчага сатып алууну, капиталдын үстөмөндүгүн көрө элек болчу. Бул ирет калкты акчага бастырып салышты.

Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Виктор Черноморецтин ырасташынча, бул шайлоодон кийин эл менен бийликтин ортосундагы ажырым дагы тереңдеди. Жаңыланууну каалаган калк жамгыр, суукка карабай нааразылыгын ачык айтып чыгууда.

XS
SM
MD
LG